Садыр Жапаров: Бул сыйлык — жалпы кыргыз элине көрсөтүлгөн сый-урмат

Президент
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларына ыраазычылык айткан.

"Урматтуу кесиптешим Режеп Тайып Эрдоганга жана түрк мамлекеттеринин лидерлерине терең ыраазычылык билдирем! Бул сыйлыкты жалпы кыргыз элине көрсөтүлгөн сый-урмат катары кабыл алдым. Түрк дүйнөсүнүн биримдиги бекем болсун!"- деп жазган мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров күн мурун Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланган.