Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамын ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүн белгилөөгө арналган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн төмөнкү жарандар сыйланышты.
Сыйлык алгандардын тизмеси тиркемеде.