Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Бүгүн Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Бириккен Улуттар Уюмунун Венадагы кеңсесинде Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (АЭЭА) башкы директору Рафаэль Мариано Гросси менен жолугушту. Бул тууралуу ТМУдан билдиришти.
Анда белгиленгендей, ТМУ менен АЭЭАнын ортосунда өзгөчө ядролук коопсуздук, ядролук энергияны тынчтык максатта колдонуу, техникалык кызматташтык жана потенциалды жогорулатуу тармактарында диалогду жана кызматташтыкты чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Башкы катчы ядролук технологияларды коопсуз жана жоопкерчиликтүү колдонууну камсыз кылууда эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, түрк мамлекеттеринин өнүгүү күн тартибинде илим менен технологиянын ролу барган сайын өсүп жатканын баса белгиледи.