Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Кыргызстандан 2024-жылы тирүү 185 миң баш ийри мүйүздүү мал, 153 миң 700 баш кой-эчки жана 11 миң 600 баш жылкы экспортко чыккан. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы 43 миң 920 баш бодо мал, 11 миң 185 баш жылкы жана аз санда асыл тукум кой, эчки импорттолгон.
“Бүгүнкү күндө өлкөдө экспортко сертификациялоо убактылуу токтотулган. Себеби, айыл чарба мал-жандык тирүүлөй экспорттоо боюнча ченемдик базаларга оңдоп-түзөөлөр киргизилип, азыр бардык иштер аягына чыгып калды. Жакынкы күндөрдө кайрадан экспортко чыгууну жандандырабыз”,-деди Улугбек Кожобергенов.
Ошондой эле комитеттин жыйынында сүт менен балыкты экспортто боюнча да маалымат берилди.
“2024-жылдын жыйынтыгы менен экспортко чыккан сүт азыктары 33 миң 300 тонна, балык жана балык азыктары 2 миң 300 тоннаны түзгөн. 2023-жылы 5 миң тоннанын тегерегинде балык экспорттолгон. Былтыркы жылда балык азыктарынын аз экспортко чыгуусунун себеби, акыркы күндөрү ички рынокто балыкка болгон баалардын өсүшүнө байланыштуу. Ишкерлер менен сүйлөшкөн учурда дагы импорттоочу тарап менен баалардын келишпестигинен өткөн жылы балык аз экспорттолду деген маалымат берилди”, - деди Кожобергенов.