Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2026-жылдын I жарым жылдыгында аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Анда белгиленгендей, быйылкы жылдын 6 айы өткөн жылга салыштырмалуу оор болду. Жарым ичинде өлкөдө 33 өзгөчө кырдаал катталса, өткөн жылдын ушул мезгилинде 7 кырсык катталып, быйыл 26га көп болгон. Кырсыктан каза болгон адамдардын саны быйыл 24тү түзсө, өткөн жылы катталган эмес.
Ошондой эле өлкө боюнча 1 258 өрт кырсыгы, 280 сел катталды. Селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларынын алкагында коопсуз жерлерге жалпы 149 адам эвакуацияланып, 775 техника, 4114 адам тартылган жана 1874 турак үй, короолор, 67 социалдык объект, 34 чакырым арык же каналдар, 96,5 чакырым жолдор сел калдыктарынан тазаланган.
Андан сырткары, быйыл өрт-куткаруу бөлүктөрүн заманбап техника, жабдыктар менен камсыздоого, күжүрмөн даярдыкка жана машыгууларга өтө чоң көңүл бурулуп, куткаруучулардын тажрыйбасы кыйла бекемделди. Натыйжада 6 ай ичинде ар кандай өзгөчө кырдаалдардан 197 адам куткарылды.
Ошондой эле табигый кооптуу тилкелерди аныктоо боюнча 1322 мониторинг жана изилдөө иштери жүргүзүлдү. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында жарым жыл ичинде 5801 метр дамба, 131 метр темир бетон тосмолор курулуп, 1651 турак жай, 875 га айыл чарба аянттары корголду.