Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Малбашев Тимур Жарышбекович министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргыз мунай компаниясы" мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Буга чейин бул кызматты Монолдоров Айвар Кубанычбекович жетектеп келген.