ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имараты ачылды

Президент 827 29 Август 2025 16:55
1.jpg
540953469_1323881316413166_5232017755307966056_n.jpg
540904496_1323881346413163_6592598051112001617_n.jpg
540918269_1323881349746496_219086388321386426_n.jpg
540925816_1323881626413135_4651724220145129644_n.jpg
540961292_1323881296413168_8141208182315504763_n.jpg
540963109_1323881516413146_1551742759746644014_n.jpg
541025310_1323881479746483_2464283902517002712_n.jpg
541366778_1323881469746484_970854637207554167_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн административдик имаратынын жана кабыл алуу үйүнүн ачылыш салтанатына катышты.

Негизги имараттын жана кошумча корпустун курулушу толук аяктаган. Жаңы комплексте 120 орундуу чоң жыйын залы, бир нече ар түрдүү форматтагы жолугушуулар залдары, ресторан-банкет залы, кызматкерлердин иш бөлмөлөрү, ошондой эле жарандарды тейлөө үчүн консулдук борбор каралган. Бүгүнкү күндө имарат эмеректер менен 90 пайызга жабдылган, жабдууну аяктоо жакынкы убактарга пландалууда.

Президент Садыр Жапаров жаңы комплекстин иш бөлмөлөрүн жана имараттарын көрүп, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар жана өкүлчүлүктүн инфраструктурасы менен таанышып чыкты.

Ал кыдыруунун жыйынтыгы боюнча Тышкы иштер министрлигине жана башка жооптуу мамлекеттик органдарга өкүлчүлүктүн натыйжалуу ишин камсыздоону, жарандарды сапаттуу тейлөөнү жөнгө салууну жана өлкөнүн түштүк аймагында эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн комплекстин мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу түрдө пайдаланууну тапшырды.