ТИМ: Кытайда жол кырсыгынан 23 жаштагы кыргыз жараны каза болду

Кырсык Загрузка... 01 Июнь 2026 12:20
2026-01-07_04-12-29.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Кытайдын Кулжа шаарында жол кырсыгынан 23 жаштагы кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 30-майда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районундагы Иле-Казак автономиялуу облусунун Кулжа шаарында жол кырсыгынын кесепетинен 2003-жылы туулган О.К. каза болгон.

Кытайдын компетенттүү органдарынын маалыматына ылайык, аталган жол кырсыгына тиешеси бар унаанын айдоочусу кармалган. Учурда Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан окуянын бардык жагдайларын жана себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Кытайдын компетенттүү органдары, медициналык мекеме жана каза болгон жарандын жакындары менен туруктуу байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.

Азыркы күндө элчилик маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселесин чечүүдө.

Бул маселе министрликтин көзөмөлүндө турат.

Белгилей кетсек, чет мамлекеттерде каза болгон Кыргызстандын жарандарынын туугандары КР өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги №169 токтомуна ылайык, репатриациялык чыгымдарды жабууга багытталган мамлекеттик бир жолку төлөмдү ("Жүк-200") алууга укуктуу.