Тилек Текебаев Сузактагы сугат мезгилине даярдык жана жээк бекемдөө иштери менен таанышты

Аймак 12 март 2025 16:45
483602982_1750053255861931_2934673176849012092_n.jpg
483486399_1750053385861918_3217041139361087272_n.jpg
483487258_1750053449195245_703797868451694284_n.jpg
483487810_1750053485861908_2924872468168399006_n.jpg
483487873_1750053315861925_7302317898283676846_n.jpg
483487956_1750053355861921_3117187417656981417_n.jpg
483526243_1750053379195252_2515384357935755483_n.jpg
483540090_1750053422528581_644230713506179733_n.jpg
483545645_1750053409195249_3819440536241693402_n.jpg
483634835_1750053175861939_1099252964466827061_n.jpg
483654188_1750053499195240_9215725565006203400_n.jpg
483795726_1750053115861945_4405519432732146722_n.jpg
483828088_1750053249195265_7054939056336010200_n.jpg
483846259_1750053349195255_4539341494108047633_n.jpg
483959295_1750053122528611_8495419588633939912_n.jpg
483966216_1750053162528607_5851353147219723656_n.jpg
484018866_1750053219195268_926271630427557989_n.jpg
484023331_1750053195861937_2935081660539428863_n.jpg
484025263_1750053459195244_3479023077618400559_n.jpg
484075479_1750053329195257_6630836154596837450_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун жазгы талаа иштерине даярдыгы жана сугат суу каналдарын тазалоо, жээк бекемдөө жумуштары менен жеринен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы райондук суу чарба башкармасынын карамагындагы Көк-Жаңгак сел каналын тазалоо, Жыгач-Коргон айылындагы Көк-Арт дарыясынын №7-жээк тосмолорунун абалы, аталган дарыянын Ынтымак көпүрөсүнүн айланасындагы кум-шагыл аралашмасын алууда жаралган кырдаалды жеринен көрдү.

Кыдыруунун жүрүшүндө Сузак айыл аймагында жайгашкан 6-сессия сугат суу каналынын тазалоо иштеринен, Кара-Дарыя дарыясынын 160 метр аралыгындагы жээк бекемдөө жумуштарынан кабар алды.

Быйыл дарыя жээгин бекемдөөгө республикалык бюджеттен 21 млн 760 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Учурда жумуштардын 60 пайызы аяктаган.

Тилек Текебаев сугат суу мезгилине карата аймактагы бардык арык-каналдарды тазалоо жумуштарын өз убагында аткаруу зарылдыгын эскертти. Ага катар сугат сууну натыйжалуу пайдалануу аракетин көрүүнү тапшырды.

Ошондой эле сел кырсыктарынын алдын алуу маселеси орчундуу экенин айтып, тазалоо иштери жана жээк бекемдөө аракеттерин жандантуу тапшырмасын берди.

Буга чейин ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу менен Сузак районундагы Көк-Арт, Кара-Дарыя жана Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыяларын жериндеги мыйзамсыз кум, шагыл казып жаткан жеке ишкерлерге жана жарандарга мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүү максатында атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Тилек Текебаев жумушчу топ тарабынан аныкталган фактыларды тийиштүү органдарга өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Бул жылы Жалал-Абад облусунда жалпы 152 чакырым арык-каналдарды тазалоо планы коюлган. Бүгүнкү күнгө карата анын 50 пайызы бүткөрүлдү.