Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, саламаттык сактоо министринин санариптик өнүгүү боюнча орун басары болуп Темирбек Эркинов дайындалды.
Ведомстводон билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына санариптик өнүгүү боюнча министрдин орун басарын тааныштырды.
Анда Эдил Байсалов Темирбек Эркиновдун мамлекеттик башкаруу тармагындагы жана долбоорлорду ишке ашыруудагы кесиптик тажрыйбасын белгилеп, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүдө санариптик трансформациянын маанилүү экенин баса белгиледи.
Ал эми саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов жаңы дайындалган орун басардын тажрыйбасы санариптик чечимдерди натыйжалуу киргизүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирип, ага ишинде ийгиликтерди каалады.