Азыр өлкөдө автожолдорду оңдоо, темир жол куруу менен катар эле аба каттамдарына айрыкча көңүл бурула баштады. Аймактык, эл аралык аба майдандары курулуп, эскилери жаңыланып, ири инфратүзүмдөрү түзүлүп жаткан учур. Мунун бардыгы эмнеге жасалууда? Анткени транспорт түйүндөрү экономиканын күрөө тамыры. Дүйнөдө экономикалык чоң секирик жасаган өлкөлөрдүн ийгиликтүү реформаларынын бардыгы жолдорду оңдоп, темир жолдорун салып, аба жолдорун абат кылуудан башталган.
Кыргызстандын эбактан бери Азиянын аба дарбазасы болуу дымагы бар. Бирок бул идея көптөн бери куру кыял болуп, кагаз беттеринде гана калып келген. Азыр эми бул боюнча арыштуу кадамдар ташталып, алгачкы жыйынтыктар көрүнө баштады. Президент Садыр Жапаровдун өлкөнү географиялык туюктан чыгарып, анын транспорт карым-катнашын кеңейтип, Батыш менен Чыгышка көпүрө болчу транзиттик өлкө катары өнүгүүгө өбөлгө түзүү аракеттери жөн жеринен эмес. Мына ошондуктан эл аралык аэропорттор оңдолуп, жаңысы курулуп, алысты жакындаткан аймактык аба майдандары ишке бериле баштады.
“Талас” аэропорту өткөн жылы майда курулуп-оңдолуп, пайдаланууга берилсе, “Каракол” аэропорту өткөн жылдын соңунда ачылды. “Ош” жана “Тамчы” эл аралык аэропортторунда жүргүнчүлөр терминалдары курулууда. “Манас” аба майданынын учуп-конуу тилкеси жаңыланып, аэровокзалы кеңейтилүүдө.
Быйыл кыргыз авиациясында дагы бир жаңы барак ачылды. Эгемен кыргыз мамлекетинин тарыхында жаңы “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу башталды. “Нарын” жана “Казарман” аэропортторун реконструкциялап, ишке киргизүү бүгүнкү күнгө туура келип отурат. Бул аэропорттордун кайра ишке кириши менен тоолуу региондорубуздун транспорттук инфратүзүмү жакшырып, инвестициялык аброю артат.
Ошондой эле чет элдик ишкерлердин, туристтердин Нарын, Тогуз-Торо дубанына ыкчам, ыңгайлуу жетишине өбөлгө түзөт”, – деди президент Садыр Жапаров Нарын аэропортунун ачылыш аземинде.
Сингапурдун тажрыйбасы
Кезинде Түштүк-Чыгыш Азиядагы эч кандай табигый байлыгы жок, эң жакыр жашаган, чакан-арал мамлекетти дүйнөдөгү эң бир өнүккөн өлкөгө айланткан Сингапур лидери Ли Куан Ю дүйнөнү таң калтырган укмуштуудай реформасын алгач Чанги аба майданын жана деңиз портторун куруудан баштап, аларды дүйнөлүк соода жолдорунун чордонуна айланткан. Анын ийгилигинин сыры – өлкөнүн географиялык ордун туура пайдаланып, алдыңкы транспорттук инфратүзүмдөрдү куруу менен бүтүндөй Сингапурду дүйнөлүк транзиттик борбордун деңгээлине жеткирген.
Ли Куан Юнун Financial Times гезитиндеги маегинен: (1994-жыл)
«Менин милдетим жөнөкөй эле болчу: кошуналарда жок нерселерди табуу жана аларды баарынан эң мыкты кылып жасоо. Анткени бизде мунай дагы, жер дагы, ресурстар дагы жок эле. Бирок бизде эң башкысы- деңиз порту бар болчу. Биз аны жаңылап, кайра куруп, эң жакшы кылдык. Бизде эң башкысы - аэропорт бар болчу. Биз аны дагы эң мыкты кылып куруп чыктык» - деп эскерген Сингапурдун реформатору Ли Куан Ю.
Азыр президент Садыр Жапаров дагы Сингапурдун транспорт түйүнүн түзгөн алдыңкы тажрыйбасын өздөштүрүп жаткандай. Ошондуктан бүгүн мамлекет башчысы өлкөдө ички-тышкы аба каттамдарды көбөйтүп, заманбап стандарттарга ылайык аэропорттук инфратүзүмдөрдү модернизациялоо боюнча активдүү саясат жүргүзүүдө. Анткени анын бул планы өлкөнү транзиттик-логистикалык чордонго айлантуу менен байланыштуу. Кыргызстан аэропорттор менен аба каттамдарын эл аралык деңгээлге жеткирсе, Борбор Азиянын аба дарбазасы катары өзүн көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк алат.
Европа менен Кытайдын асманы ачылат
Буга кандай негиздер бар? Кыргызстан деңиз жолдоруна түз чыга албаганы менен ал географиялык абалы боюнча Европа менен Азияны туташтырган тогуз жолдун тоомунда, Улуу Жибек жолунун алтын ортолугунда жайгашып, кургакта жана аба мейкиндиги аркылуу Батыш менен Чыгышты тыгыз байланыштырууга транспорттук дарамети бар. Анткени ал “дүйнөнүн фабрикасы” атыккан Кытай менен чектешип, Индия деген ири экономикага жакын Борбор Азиянын дал ортосунда турат. Анын соода-логистикалык жана ири аба транспорттук түйүнгө ылайыктуу мына ушундай транзиттик мүмкүнчүлүгүнүн бир топ жогору экени Азиянын аба дарбазасын ачууга негиз болот. Бул арада Кыргызстан авиациялык талаптарды аткарып, быйыл Европанын “кара тизмесинен” чыга турганы мерчемделүүдө. Анын маани-маңызын президенттин өзүнүн оозунан тыңдайлы:
“Ошентип 2006-жылдан бери жабык турган Европа асманы Кыргызстан үчүн кайрадан ачыларына биз бекем ишенебиз. Бул өлкөбүз Европа өлкөлөрүнүн миллиондогон туристтери үчүн жеткиликтүү болот дегенди билдирет. Буюрса, Кыргызстан таза табиятты, көөнө маданиятты жана жаңы багыттарды жогору баалаган ири рынокко чыгат. Мындан башка Кытай менен Кыргызстандын Нарын облусунан өтө турган жаңы аба жолу боюнча келишимге кол коюлат. 30-октябрда бул аба трассасы иштей баштайт. Натыйжада Кашкардан Борбор Азиянын бардык аэропортторуна чейинки аралык эки эсеге кыскарат. Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгү кеңеет жана өлкө стратегиялык көпүрөгө айланат” - деп белгиледи президент.
“Манас”, “Ош“ “Ысык-Көл” жана “Жалал-Абад” эл аралык аба майдандары Батыштан Чыгышка, Чыгыштан Батышка дайыма каттап, түз же транзит аркылуу тынымсыз учкан жүргүнчү учактарын кабыл алып, авиакарголор миллиондогон тонна жүк ташууларды аткара алат деген максат бар. Бул үчүн жарандык авиацияны жаңылап, кайра баштан ички-тышкы аба каттамдарынын чынжырчасын уюштуруу иштери колго алынууда. Бул жагдай аймактар аралык байланышты чыңдап, четтен келчү туристтерге, инвесторлор менен жалпы эле конокторго өлкөнүн алыс жактарына чейин жетүүгө шарт түзөт:
Улам жаңы эл аралык авиабагыттар ачылып, туруктуу аба каттамдары аркылуу Кыргызстандын чарбалык, туристтик жана логистикалык байланыштары күчөйт. Бул үчүн аба каттамдарынын ар түркүн түрлөрүн ачуу маанилүү. Аба каттамдары учуулардын аралыгы боюнча ички, эл аралык, түз жана транзиттик, убактысына карап, туруктуу, чартердик рейстер, ал эми кошумчалары – жүк ташуучу авиакарго, өкмөттүк, VIP, сезондук жана коммерциялык-лоукост рейстер болуп бөлүнөт.
Эл аралык, ички аба каттамдарынын ыңгайы, ылдый баалары, кызмат көрсөтүүлөрүнүн жогорку сапаты жана ылдамдыгы менен таанылып, аны Борбор Азиядагы авиахабга айлантып, каттамдары каршы-терши учкан, аба каттамдарынын чордону болууга эмнеге болбосун? Бул үчүн эл аралык аба жолдорунун жаңы багыттары ачыла баштады:
Аэропортторду заманбап оңдоп, багыттарды кеңейтип, аба каттамдарын көбөйтүү өз кезегинде жүз миңдеген жүргүнчүлөрдүн агылып келишин камсыздап, миңдеген жаңы жумуш орундары түзүлүп, мамлекет казынасына миллиондогон сом каражат түшүрөт. Бул үчүн жаңы учактар сатып алынып, өлкө өзүнүн заманбап авиапаркын жаңылоого киришти.
Мындай жагымдуу жагдай өлкөгө ири инвестицияларды тартууга, кирешелүү туризмди, кызмат көрсөтүү жана соода ишкердигин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Ошондуктан жаңы транспорттук түйүндөрүн түзүп, жүргүнчүлөр менен жүктөрдүн ири логистикалык кан тамырлары тармакташып, жайылуусу абзел. Мына ушул максатта президент Садыр Жапаров Сингапурдун мисалында эл аралык жана ички аба каттамдарын жакшыртууга жана жалпы эле жарандык авиация тармагына басым жасап жаткан учур.
Садыр Жапаровдун аэропортторду жана аба каттамдарды өнүктүрүү саясаты — экономиканы батыл трансформациялоонун, ири инвестицияларды тартуунун жана дүйнөлүк логистикага кошулуунун драйвери. Бул кадамдар Борбор Азияда уникалдуу практика болуп, өлкөнү Чыгыш менен Батыштын логистикалык түйүнүнө айлантууга жардам берет.