Кыргызстанда туруктуу агроөнөржай борбору ачылат

Коом Загрузка... 15 Май 2026 11:00
WhatsApp Image 2026-05-15 at 11.01.12.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда туруктуу агроөнөржай борбору ачылат. Бул тууралуу айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер, айыл чарба илимдеринин кандидаты Таалайбек Айдаралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул агроөнөржай борбору Борбор Азияда жана дүйнөдө биринчи болуп кореялык компаниялар тарабынан уюштурулуп жаткан комплекс.

“Жалпы катышуучу компаниялардын жылдык жүргүртүүсү 250 млн АКШ долларын түзө турганы белгилүү. Биз акыркы 3-4 жылдан бери Корея мамлекетинен инвесторлорду тартуу максатында мурдагы өнөктөштөрдөн тарта даярдадык. Азыркы күндө Кыргызстанда эле эмес дүйнө жүзүндө мындай мисал болбоптур. Бул дайыма иштеп туруучу жарманке. Мында Кореянын агроөнөржай компанияларынын жабдууларын, шаймандарын жана жаңы технологияларын ортомчуларсыз алып келүүгө шарт түзүлөт.
Учурда даярдык иштери негизинен аяктап калды. Корея мамлекетинен 40ка жакын агроөнөржай компаниясы келет. Алар 250 млн долларлык жүгүртүү каражаты бар компаниялар. Ошондой эле 20дай жергиликтүү өнөржай компаниялары катышат. Алдыда 18-майда иштөө тартиби башталып, 20-майга расмий ачылуусун даярдадык”, - деди Айдаралиев.

Белгилей кетсек, Бишкектин Ак-Бата конушунда жайгашкан бул көргөзмө 18-майдан тартып, 9:30дан 16:30га чейин иштейт. Каалаган жарандар көргөзмөгө келип кореялык компаниялар менен түз байланышып, керектүү шаймандарын, технологияларын ортомчусуз буйрутма менен алдырса болот.