Күн мурун белгилүү композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Муратбек Бегалиевдин 70 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди. Залкар инсандын өлкө маданиятына кошкон салымы эбегейсиз. Анын обондору, симфониялык жана камералык чыгармалары, опера жана балет жаатындагы эмгектери кыргыз музыка өнөрүнүн алтын фондуна кирген.

Мааракенин алкагында чыгармачылык кече, концерттик программалар уюштурулуп, белгилүү маданият ишмерлери, Муратбек Бегалиевдин замандаштары жана шакирттери куттуктап, анын кыргыз музыкасына кошкон зор салымын баса белгилешти.

Муратбек Бегалиев көп жылдар бою Улуттук консерваторияны жетектеп, жүздөгөн жаш музыканттардын калыптанышына өбөлгө түздү. Анын окутуучулук ишмердүүлүгү, чыгармачылык изденүүсү жана принципиалдуу позициясы көптөргө үлгү болуп келет. 70 жылдык мааракесинин алкагында бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги залкар композитор менен анын чыгармачыл жолу жана учурда жетектеп жаткан Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры тууралуу маек курду.

— Туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Опера жана балет театрын башкарып жатканыңызга бир жылдын жүзү болуп калыптыр, бир жылда кандай алгылыктуу иштерди жасай алдыңыз?
— Рахмат. Кечээ эле айылда жүргөн бала болсом, эми 70ке келип калдым. Опера жана балет театрын жетектейм деп эч качан ойлогон эмесмин. Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда 33 жыл директор болуп иштедим. Биздин мыйзам боюнча 70 жаштан кийин ректорлук кызматка отурушуң керек экен. Өкмөттөгү башка кызматтарда да ушундай чектөө бар экен. 69 жашка чыкканымда мага “Баары бир келерки жылы бул маселе көтөрүлөт. Сиз буга чейин консерваторияны бүткүл дүйнөгө тааныттыңыз. Кыргыз таланттары үчүн мыкты аянтча түзүп бердиңиз. Эми болсо биздин опера жана балет театрыбызды түптөп бериңиз” деп суранышты. Мен дароо эле макулдугумду бердим. Себеби, чыгармаларымдын дээрлик баары ушул театрда коюлат жана мен окуткан чыгармачыл инсандардын көбү ушул жерде эмгектенет. Ошондуктан мага “Опера жана балет театрын башкарып берсеңиз” деп кайрылышты. Элим, жерим үчүн иштеп берейин деп макулдугумду бердим.

Чынында, бул театрда көйгөйлөр көп экен. Эң негизгиси — жандуу ырдоо маселеси. Опера жана балет театрында аспаптарда таза, жандуу аткаруу болушу керек. Тилекке каршы, ырчылардын көбү той тармагына өтүп кетиптир. Маселелер арбын. Ушундай оор учурда келип, көмөктөшүп бериңиз деп суранышканда, баш тартпадым. Жумушка келгенде ичкен тамагыбызды жерге коюп иштеген адамдарданбыз. Жөн эле отура албайм. Түнкүсүн ыр жазсам, күндүзү толугу менен жумуш менен алекмин. Көпчүлүгү театрдын кайсы кызматы болбосун, менеджер эле башкарып кетет деп айтышат. Бирок, таптакыр башка тармактан келген менеджер опера театрында “до” нотасын тааныбаса, ал бул тармакта кантип туура чечим чыгарат? Андай адам жөнөкөй эле маселени туура эмес жол менен чечип коюшу мүмкүн. Жетекчи деген чыгармачылыкты өзү башынан өткөргөн, чыгарма жараткан, анын ар бир сөзүн, нотасын түшүнгөн адам болушу керек. Анан сырттан, таптакыр бул чөйрөгө тиешеси жок, кой кайтарып жүргөн адамды эле алып келип, театрга жетекчи кылып коюу туура эмес. Жетекчи болуу үчүн ошол тармакта терең түшүнүк, иштин ичине аралашып, тажрыйба топтогон адам болушу зарыл. Анткени, чыгармачыл чөйрөнү түшүнгөн гана жетекчи театрды өнүктүрө алат.

— Опера жана балет театры тууралуу айтып берсеңиз.
— Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры — кыргыз элинин алгачкы театрларынын бири. Театрга келгенден кийин анын аталыш тарыхын изилдеп көрдүм. Көрсө, убакыттын өтүшү менен анын аталышы бир нече ирет өзгөрүптүр. Кээ бир документтерде “Академиялык”, “Улуттук”, “Ленин ордендүү” деген аталыштар кезигет. Чындыгында, “Улуттук” деген макамды мен Аскар Акаев президент болуп турганда, өзүм министр кезимде сунуштагам. Себеби дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттерде "Улуттук театрлар" бар жана бул аталыш ошол элдин маңызын, маданий өзгөчөлүгүн чагылдырган абдан маанилүү түшүнүк экенин түшүндүм. “Улуттук” деген сөз эң негизги, эң баалуу дегенди билдирет. Бул макам алгач Консерваторияга ыйгарылып, андан соң опера жана балет театрына берилген. Советтер Союзунун курамындагы ар бир республиканын өз улуттук театры бар. Алардын көпчүлүгү “Чоң театр” деп аталат. Биз да “Чоң театр” деген аталышты берели дегенбиз, бирок кыргыз тилинде бул сөз бир аз орой угулуп калышы мүмкүн деп чечтик. Ошондуктан аны “Улук театр” деп атадык. “Улук” деген сөз кыргызда сыймыктуу, абройлуу, чоң мааниге ээ түшүнүк. Ал эң алдыңкы, эң урматтуу дегенди билдирет. Театр — алгачкы маданий мекемелердин бири катары бул макамга татыктуу. "Кыргыз Улук театры" деп өзгөртөлү деген сунушту мен бийлик өкүлдөрүнө бергем, бирок азырынча жооп келе элек. Эми бул маселени чоң жыйында көтөрөйүн деп жатам.
Жакында эле президентибиз Садыр Жапаров бир жыйынга катышып калды. Ошондо театрдын имаратын көрүп, “Бул имарат ремонттон өткөнбү? Реконструкция керекпи?” деп сурады. “Акыркы ирет 2019-жылы оңдолгон экен. Бирок, анда жасалган ремонт анчалык сапаттуу болбоптур. Имарат азыр оңдоп-түзөөгө муктаж. Бирок ошол эле маалда, бул имаратты тарыхый архитектура катары сактап калуу маанилүү болмок. Эгерде жаңы имарат курулса — бул эң сонун чечим болот эле. Бүгүнкү күндө өлкөдө бардык тармактар жаңыланып, заман талабына ылайык курулуп жатат. Эски театр генийлер эмгектенген ыйык жай. Аны туристтер да кызыгып көрөт” деп айттым. Алар жаңы имаратты салыш үчүн жер жок дешкенде, Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакты сунуштадым. Анткени Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония бар да, аталган паркты ошол жакка көчүрүү керектигин белгиледим.

Ошондо президент маданият министрине карап “Планга киргизгиле” деп айтты. Кудай буюрса, күтүп жатабыз. Азыркы учурда долбоор планга киргизилген, эми курулуш иштеринин башталышын күтөбүз. Президент өзү да бул театр Астана операсынан жана Сидней операсынан кем болбошу керек деп белгиледи. Ал театр 5 кабат өйдө, 5 кабат ылдый болуп, жалпысынан 10 кабаттуу заманбап имарат болушу керектигин айтты. Учурдагы имаратты болсо толук реставрация кылып, эки театрдын ортосуна символикалуу “алтын көпүрө” куруу идеясы сунушталды. Театрдын келечеги буйруса кең.

— Азыр мамлекет маданиятка кандай көңүл буруп жатат?
— Мамлекет азыр маданиятка эле эмес, бардык тармактарга жакшы көңүл буруп жатат. Бирок, айлыгыбыз бир аз жогоруласа жакшы болмок. Себеби, көптөгөн таланттуу адамдар аз айлык үчүн чыгармачылыкты таштап, кетип калышууда. Албетте, жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Мисалы, маданият тармагына каражат бөлүнүп, аспаптар жаңыланды. Жаңы оркестрге керектүү шаймандар келди. Ушунун аркасында чет өлкөгө кетүүгө камынып жаткан оркестрдин мүчөлөрү мекенинде калышты. Опера жана балет театрында сахна көркү, техникалык жабдуулар, аспаптар заманбап жана сапаттуу болушу керек. Учурда техникалар жаңыланып, үн жабдыктары, микрофондор жана башка шаймандар алынып келүүдө. Айрыкча операда колдонулган аспаптар абдан так жана үндү таза чыгарышы керек. Андыктан, алардын сапаты жогору болушу зарыл. Сахнаны кооз көрсөтүү үчүн костюмдар дагы маанилүү. Азыркыга чейин артисттер илгерки, убактысы өтүп кеткен костюмдарды кийип жүрүшөт. Кээ бирлерин мурунку, маркум артисттер кийген. Убакыт өттү эми артисттердин костюмдарын да жаңылаш керек. Сахна бул элдин маданиятынын жүзү. Ошондуктан бардык жабдуулар заман талабына жооп бериши зарыл.

— Бүгүнкү күндө жарандар материалдык баалуулуктарга басым жасап калышкан, руханий байлыкка көңүл бургандардын саны аз. Мунун кесепети эмнеге алып келиши мүмкүн?
— Театр руханий байлыктын эталону. Эгер өлкөдө театр болбосо, эл кайдан тарбия алат? Бир эле спектаклге миңге жакын киши келет. Мына ошол адамдар таза руханий байлыкты сиңирип кетсе, бул эң сонун көрүнүш. Илгертен ата-бабаларыбыз куруп кеткен, укмуштуудай маданиятыбызды жок кылбашыбыз керек. Алар кашыктап жыйнаган маданиятты биз чөмүчтөп төкпөшүбүз зарыл. Театр — адамды тарбиялаган, жан дүйнөнү байыткан касиеттүү жай. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры дал ошол тарбия менен руханий байлык тартуулаган ыйык жай.

— Кыргыз интеллигенциясы сиздин пикириңизде азыр кайда?
— Интеллигент деген ким? Интеллигент бул адам баарын ичинен түшүнгөн, тынч, түз жүргөн, акылдуу, билимдүү, күчтүү жана өз кесибинин чыныгы чебери. Жеке мен ошол сапаттарга жетүүгө аракет кылган адаммын. Азыркы учурда баалуулуктар өзгөрүп кетти. Бүгүнкү күндө “Кыргыз эл артисти” наамына чыныгы татыктуу эмес адамдар алып жатышат. Азыр сыйлык үчүн чуркаган адамдар көбөйдү. Ар кандай уюшулган, даярдалган жагдайлар бар. “Тигиге барып айтып койчу, мага да сыйлык берсин” дегендерди угуп, кээде күлөм. Чынында, адам өзүнүн кылган иши менен элге таанылышы керек. Сыйлыкты татыктуулар алышы керек. Көп учурда сыйлыктын артынан куубаган адамдар акыры чоң сыйлыктарга жетишип жатат. Бул чыныгы эмгектин баалуулугу. Ушундай учурда ошол тармактын жетекчиси да көрөгөч болушу абзел. Жанындагы интеллигент адамдарды таанып, баалап, баа бере билиши керек. Бирок, эч качан “Мага сыйлык бергиле” деп айтууга болбойт. Бул абдан уят.

— Чыныгы аял затына болгон сүйүү кандай болот? Сиз сүйүүгө качан кабылдыңыз эле? Жубайыңыз тууралуу айтып берсеңиз.
— Сулуулукту ким сүйбөйт? Учурунда көп сулууларды сүйгөм. Бирок, алардын ичинен эң терең, күчтүү сүйүүм келинчегиме болгон сүйүү. Тээ Польшадан келген, башка улуттан болгонуна карабастан, аны менен баш кошком. Азыр бирге жашап жатабыз. Сүйүү абдан кеңири түшүнүк. Анын ичинде аялзатына болгон сүйүү бул өзүнчө, өзгөчө сезим. Учурунда музыка менен алек болуп жүрүп, үйлөнгөнүмдү да унутуп калыптырмын. Келинчегим чет өлкөнүн жараны болгондуктан, көп жылдар бою Кыргызстанга келе албай жүрдү. Документ жагынан көп кыйналдык. Ошол кезде президенттерге да кайрылдык, бирок жыйынтык болгон жок. Азыркы президенттин колдоосу менен гана былтыр паспортун ала алды. Ошентип, 30 жылдан кийин араңдан зорго документин бүтүрдүк.
Жубайым эмгек сиңирген артист. Мени кыйналып жүргөн убактарда, “Мен эмне кылып жардам бере алам?” деп көп сурачу. Мен болсо “Өз ишиңди мыкты кылсаң эле ошол жетиштүү” деп айтчумун. Ал айтканымды аткарып, Кыргызстандагы виолончель аспабында ойногон артисттердин дээрлик баары анын колунан тарбия алып чыгышты.
Мындан тышкары, ал Улуттук консерваториянын профессору. Азыр Польшага барып-келип турат. Кыргызстанды менден дагы артыгыраак жакшы көрөт десем жаңылышпайм. Кыргызча эркин сүйлөйт, ырымы-жырымды да жакшы билет. Аты Зенона. Кайын журт менен мамилем абдан жакшы. Башында ага үйлөнүүмө менин ата-энем каршы болушкан, бирок келинчегимди көргөндө эле дароо макул болушкан.

— Соңку суроо болсун, ушул убакка чейин жалпы канча чыгарма жараттыңыз?
— Кээде айрым адамдар “Мен 200-300 обон жаздым” деп айтып калышат. Чынында, обон биз үчүн бир мүнөттүк иш. Ал болгону 12ден 16га чейинки такт болушу мүмкүн. Ал эми биздин бир чыгармалар 20 мүнөттөн 40 мүнөткө чейин созулат. Демек, бир эле чыгармада бери дегенде 500дөй обон кездешет десек болот. Мындай обондорумдун так санын билбейм. Ал эми жалпысынан болжол менен миңге жакын чыгарма жараттым. Алардын ичинде ар кандай формадагы, түрдүү жанрдагы эмгектер бар.