Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Баткен жана Лейлек райондорунда чек арадагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган жана аймактарды алмаштыруудан улам турак жайынан ажыраган жарандарга экинчи үйлөр бөлүштүрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тажикстандан Кыргызстанга өткөрүлүп берилген жалпы 213 турак жайдын ичинен бүгүнкү күндө 180 жаранга үй берүү иштери жүргүзүлүүдө.
Турак жайлар 2021-2022-жылдардагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда эки үйү тең жараксыз абалга келген жана аймактарды алмаштыруунун натыйжасында турак жайы алмашууга туш болгон жарандарга берилүүдө.
Үйлөр жумушчу топтун катышуусунда өткөрүлгөн чүчү кулактын жыйынтыгы менен бөлүштүрүлөт. Мындай иш-чара Баткен районунда өтүп, учурда Лейлек районунда уланууда.