Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Күн мурун Тажикстанда парламенттик шайлоо өттү.
Avesta маалымат агенттиги Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматтарына таянып, шайлоочулардын 85,3%ы шайлоого катышканын билдирди. Муну менен республиканын 5,5 млн шайлоочусунун 4,7 миллиону добуш бергени айтылды.
БШКнын төрагасы Бахтиер Худоерзоданын айтымында, партиялык тизме боюнча орундар төмөнкүдөй аныкталды:
Элдик-демократиялык партия - 12 орун, Агрардык партия - 5 орун, Экономикалык реформалар партиясы - 3 орун, Социалисттик партия - 1 орун, Демократиялык партия - 1 орун, ал эми Коммунисттик партия шайлоо босогосунан өтө албай калып, мандатка ээ болгон жок.
Элдик-демократиялык партия 49 мандатка ээ болду, анын 47син бир мандаттуу округдан, 12син партиялык тизме менен алды.