Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда жана өлкөдөн тышкаркы аймактарда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.
Буга байланыштуу "Кабар" маалымат агенттиги Бишкек шаарында шайлоочулардын маанайын билүү үчүн сурамжылоо жүргүздү.
Сурамжылоого катышкан жарандар өз атуулдук милдетин аткарып, татыктуу талапкерди шайлаш керек деген пикирлерин айтышты.
"Шайлоого катышып келе жатам. Бардык жарандар өзүнүн укугун колдонуп, өзү татыктуу деп эсептеген талапкерге добуш бериши керек. Ар бир адам шайлоого заман оңолсо экен деген жакшы ниет менен келет. Ал эми заман оңолушу үчүн татыктуу талапкерди тандоо элдин колунда", - деди сурамжылоого катышкандардын бири.
Дагы бири шайлоо калыс жана таза, ачык-айкын өтүшү керек деген оюн айтты.
Ал эми сурамжылоого катышкан жаштар азыр өлкөдө коррупция жоюлуп, мурдагыдай добуш сатып алуу болбой калды, ошон үчүн адилеттүү талапкерди шайлашыбыз керек дешти.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округдан 460 талапкер ат салышууда, анын 271и эркектер, 189у аялдар.
Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.