Татаал процесс жыйынтыкталды. Кыргызстан менен Тажикстан чек ара тилкесин макулдашты

Аналитика Загрузка... 22 Февраль 2025 15:25
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин маалымат кызматы
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча жыйынтык протоколго кол коюшту. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал бул күндү эки өлкөнүн жарандары үчүн “өзгөчө, тарыхый” деп атады. Бул учурду элки өлкөнүн элдери отуз жылдан ашык, чыдамсыздык менен күтүшкөн.

Ушундан улам, 1917-жылы Улуу Октябрь революциясы жеңишке жеткенде Ленин өзүнүн атактуу: «Жолдоштор! Большевиктер айтып жүргөн, көптөн күткөн жумушчу-дыйкан революциясы ишке ашты!» деген сөздөрү эске түштү.

Анын сыңарындай, биз дагы бүгүн ошондой көптөн күткөн окуяга күбө болуп жатабыз. Себеби чек ара маселеси биз үчүн өтө маанилүү нерсе. Бул эки коңшү мамлекеттердин ортосундагы бир топ жылдан бери уланып келе жаткан көйгөй эмес. Бул учурда дүйнөдө болуп жаткан геосаясий кырдаалга дагы өз таасирин тийгизе турган жагдай болчу. Кыргызстан менен Тажикистандын башчылары саясий эркин көрсөтүп, бүткүл Борбор Азияга тынчтык орнотту дегенге барабар.

67b8851e8cd7d-thumb.jpg

Тарыхчы, коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов өкмөттүк делегацияларга макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн тынч шарттар түзүлгөнүн абдан маанилүү деп эсептейт. Эки тарап тең сүйлөшүү процессин сырттан кийлигишүүдөн жана кеңештеринен корголушун камсыз кылышты.

«Бул тарыхый учур, келишимдерге кол коюлуп, ратификациялангандан кийин Кыргызстан Тажикстан сыяктуу эле мыйзамдуу түрдө таанылган чек араларга ээ болот. Мамлекеттер үчүн, эл аралык коомчулуктун катышуучулары катары, бул укуктук документтер сыяктуу. Мындан ары биздин аймактар ​​эл аралык укук менен корголот”,- дейт Зайнидин Курманов.

Кыргыз-тажик чек ара көйгөйү иш жүзүндө чечилди, азыр аны документтештирүү иштери жүрүп жатат, деп билдирген президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине 28-январда берген маегинде.

Бул иштер аяктагандан кийин документтерге өкмөттөр аралык комиссиялардын мүчөлөрү, андан соң тышкы иштер министрлери кол коюшат.

«Бардык процедуралардан кийин келишимди эки өлкөнүн парламенттери ратификациялайт, андан кийин чек араны тактоо дагы бир-эки жылга созулат, эң негизгиси эки тараптуу макулдашууга жетиштик», - деген президент.

Президент өз сөзүндө чек ара маселелерин чечүүдө эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынарын баса белгилеген. Себеби, чек араны тактоо эң татаал маселе. Эң негизгиси, эки элге абадай жана суудай болгон тынчтык керек. Эми бул аймакта дайым чынчтык өкүм сүрөт деген ишеним бар.

«Биз ар бир метр жерди эске алдык, ал жерде үйлөр шахматтагыдай жайгашкан. Башка жерге турак жай курабыз, жер тилкелеринин көлөмү да эске алынат. Тажик тараптын биз тараптагы үйлөрүн көчүрүп кетишет, ал тараптагы кыргыздардын үйлөрүн биз көчүрүп алып кетебиз. Башка жерге турак жай курабыз, жер тилкелеринин көлөмү да эске алынат», - деген президент.

Эми мындан ары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы карым-катнаш жанданып, соода сатык жүргүзүүгө жол ачат. Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов белгилегендей, келишимдердин ишке ашуусу эки боордош республиканын чек ара маселеси боюнча кылымдан бери келе жаткан талашына чекит коёт.

«Бул тарыхый документтер биздин элдерибиздин талаптарына кызмат кылат», — деп баса белгиледи. Саймумин Ятимов.

«Биз мындан ары президенттер тарабынан кол коюуга бир нече документтерди даярдадык. Мамлекеттик чек ара, суу-энергетикалык объектилер боюнча макулдашуу, жолдордун кесилишин пайдалануу жана жаңы жолдорду куруу боюнча бүгүн биз чек араны координациялоо маселесин биротоло чечкенибизди расмий түрдө билдиребиз», - деди Ташиев.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы чек аралардын такталышы бүтүндөй региондун стабилдүүлүгүнүн жана коопсуздугунун маанилүү фактору болуп эсептелет. Бишкек менен Душанбенин ортосундагы келишимдер чек ара аймактарына инвестиция тартууга, анын ичинде жолдорду, логистикалык борборлорду жана башка объектилерди курууга стимул берет. Чек араларда достук көпүрөлөрүн түзүү менен Борбордук Азия өлкөлөрү кызматташуунун чоң мейкиндигин түзө башташат. Коңшулардын ортосунда макулдашуу болгондо, аймактарды өнүктүрүүнүн жалпы көйгөйлөрүн чечүүгө басым жасоого болот.