Ташкенттеги шайлоо тилкесинде добуш берүү жигердүү жүрүүдө

Шайлоо 30 Ноябрь 2025 18:15
photo_30_1.jpg
photo_30_4.jpg
photo_30_5.jpg
photo_30_3.jpg
photo_30_3...jpg
photo_30_2.jpg
photo_30_0.jpg
photo_30_.jpg
photo_30.jpg
Алдыга
Артка
photo_30_1.jpg
photo_30_4.jpg
photo_30_5.jpg
photo_30_3.jpg
photo_30_3...jpg
photo_30_2.jpg
photo_30_0.jpg
photo_30_.jpg
photo_30.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 30.11.25. /Кабар/. Ташкент шаарындагы Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин имаратында жайгашкан №9025 шайлоо тилкесинде добуш берүү жарандардын жогорку активдүүлүгү менен уланып жатат, деп жеринен кабарчыбыз билдирет.

Шайлоочулар добуш берүү шарттары мурдагыдан жакшырганын, кызматкерлердин мамилеси сылык экенин жана шайлоо иреттүү өтүп жатканын айтышууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну 79 жаштагы Зухрахан Мамажанова Ташкентке уулунун үйүнө мейманга келип, ушул шайлоо тилкесинде добуш берип жатканын айтты.

«Өмүрүмдө бир топ шайлоолорго катыштым. Бирок быйылкы шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу бир топ айырмаланат. Эң негизгиси — шайлоо таза өтүп жатат. Бул көп улуттуу Кыргызстаныбыздын мындан ары да өсүп-өнүгүшүнө чоң өбөлгө болот», - деди ал.

Өзбекстан Улуттук университетинин филология факультетинин 4-курсунун студенти Абдулазиз Каримжонов, ошондой эле Ташкенттеги Американын Вебстер университетинин 1-курсунда окуган Мухамадюсуф Эргашев да элчиликке уюштурулган шайлоо тилкесинде жарандык милдетти аткарууга бардык шарттар түзүлгөнүн баса белгилешти.

Жергиликтүү «Нурлы жол» гезитинин кабарчысы Айгүл Эркин добуш берүүчүлөрдүн активдүүлүгүнө жана шайлоо процессинде заманбап техникалардын колдонулушуна өзгөчө баа берди.

«Колдонулуп жаткан шайлоо технологиялары башка мамлекеттер үчүн да үлгү болчу деңгээлде», — деди ал.

№9025 шайлоо тилкесинде добуш берүү күнү бою үзгүлтүксүз уланууда.