Ташкентте Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын тарых институттарынын жетекчилери жолугушту

Борбор Азия Загрузка... 09 Апрель 2025 16:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзбекстандын Илимдер академиясы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 09.04.25. /Кабар/. Өзбекстан Илимдер академиясынын Тарых институтунун демилгеси менен уюштурулган бул алгачкы форумда аймактын тарыхы, маданияты жана баалуулуктары боюнча кеңири талкуулар болду.

Малкууда мыйзамдуу жана адилеттүү изилдөөлөрдү жүргүзүп, жалпы мурастарыбызды биргеликте сактап, өткөндүн ийгиликтерин жана сабактарын элге жеткирүү керектиги айтылды.

Мындан тышкары, илимий кызматташтыкты күчөтүү, Борбор Азия тарыхчыларын бириктирүү, "Турон" аттуу эл аралык илимий журналды түзүү жана жаш тарыхчыларды колдоо сыяктуу маанилүү маселелер иш-чаранын көңүл чордонуда болду.

КР Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана эл таануу институтунун улук илимий кызматкери Саламат Дюшенбиевдин айтымында, бул иш-чара Борбор Азиянын тарыхчылары жана илимпоздорунун кызматташтыгы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

"Аймактагы илим жана билимдин өнүгүшүнө, маданий баалуулуктарды урматтоого жана чогуу изилдөө жүргүзүү, биргеликте иш алып баруу чоң салым кошот", - деп белгиледи окумуштуу.

Жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институту менен Өзбекстандын Илимдер академиясынын Тарых институтунун ортосундагы келишимге кол коюлду.

Бул келишимдин максаты тараптар ортосунда туруктуу жана ырааттуу илимий кызматташтыкты жолго коюу жана өнүктүрүү, биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо өз ара жардам көрсөтүү болуп саналат.