Ташкент, 03.07.25. /Кабар/. Өзбекстанда майыптыгы бар балдарды ар тараптуу колдоого багытталган "Жеткиликтүү чөйрө" аттуу социалдык долбоор ишке кирди.
Долбоордун негизги максаты – инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүү, майыптыгы бар балдардын күнүмдүк жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүү жана аларды заманбап жүрүү каражаттары менен камсыз кылуу. Атайын кресло-коляскалар да ушул багыттагы колдоонун алкагында берилет.
Иш-чаранын алкагында жогорку окуу жайларда илимий лекциялар уюштурулуп, коомдук жайларда кайрымдуулук бурчтары орнотулуп, "СМА мектеби" конференциясы өткөрүлүп, ошондой эле жүлүн булчуң атрофиясынан жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык курс башталат.
Долбоор Россиянын "Моторика" компаниясынын демилгеси жана Өзбекстандын Балдарды социалдык адаптациялоо боюнча республикалык борбору менен SMA Oilasi бейөкмөт уюмунун өнөктөштүгүндө жүзөгө ашырылууда.