Ташкент, 17.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын Улуттар аралык мамилелер жана чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин жаңыдан дайындалган төрагасы Кахрамон Сариев менен жолукту.
Эдчидиктен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-өзбек достук мамилелерин тереңдетүүгө багытталган маселелер талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамилелерин бекемдөөнүн алкагында элдик дипломатиянын ролу, маданий жана гуманитардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери көңүл чордонунда болду. Өзгөчө көңүл Кыргызстанда жашаган өзбек тектүү жарандардын жана Өзбекстанда жашаган кыргыз тектүү жарандардын кызыкчылыктарын колдоого бурулду.
Мындан сырткары, эки тарап элдердин маданий мурастарын, үрп-адаттарын жана каада-салттарын урматтоо, ошондой эле эки өлкөдөгү маданий көп түрдүүлүктү сактоо зарылдыгын баса белгилешти.
Жолугушуу ыкчам жана жылуу маанайда өтүп, тараптар мындан ары да эки элдин достугун жана ынак коңшулук мамилелерин чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.