Ташкент, 16.06.25. /Кабар/. Ташкент шаарында 9-12-июнда өткөн IV эл аралык инвестициялык форумдун жыйынтыгында Өзбекстан жалпы суммасы 30,5 млрд долларды түзгөн келишимдерге кол койду. Бул тууралуу өлкөнүн Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлиги билдирди.
Ири келишимдерге ылайык, Сауд Аравиясынын Data Volt компаниясы шаар куруу жана маалымат борборун түзүүгө (4 млрд доллар), Acwa Power шамал электростанциясы менен энергия сактагычтарды курууга (6,2 млрд доллар), БАЭнин Amea Power жана Сауд Аравиянын Saudi Tabrid компаниялары энергетика жана жылуулук системаларын жаңыртууга (1,85 млрд доллар), ал эми Кытай, Египет жана Сингапур компаниялары текстиль, азык-түлүк жана шекер өндүрүшүнө (900 млн доллар) инвестиция салат.
Форумга 97 мамлекеттен 8 миңден ашуун катышуучу, анын ичинде 3 миңге жакын чет элдик конок жана 450 жогорку даражалуу өкүл келген. Кыргызстандын делегациясын премьер-министр Адылбек Касымалиев жетектеди.
Форумду эл аралык деңгээлде чагылдырууга 30дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде CNN, Euronews, The Guardian, ZDF, Al Jazeera сыяктуу алдыңкы маалымат каражаттарынын катарында "Кабар" агенттиги, КТРК, ЭЛТР, “Мир” телеканалдары жана "Эркин Тоо" гезитинин журналисттери да чоң салым кошушту.