Таш көчкү түшкөн Арал-Казарман унаа жолуна бир тараптуу каттам берилди

Аймак 19 март 2025 11:31
Таш көчкү түшкөн Арал-Казарман унаа жолуна бир тараптуу каттам берилди
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде тоо боорунан кулаган таштар тазаланып, бир тараптуу каттам берилди.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта аймакты караган № 18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ саат 22:10 дор чамасында жолдун 276-чакырымына таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

Жерине дароо № 18 ЖТИнин кызматкерлери тартылып, 19-мартка караган түнү, саат 03:00дор чамасында каттам берилген.