Айдоочуларга эскертүү! Арал - Казарман унаа жолуна таш түштү

Загрузка... 19 Март 2025 09:00

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. 18-мартта саат 22:10 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал - Казарман тилкесине (276-чакырым) таш көчкү түшү, каттам убактылуу жабылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан таш бөгөп калган жолду тазалоо иштери жүрүүдө.

Жерине техника тартылып, көчкүнүн көлөмү такталып жатат.

Кошумча маалымат берилет.