Арал-Казарман унаа жолунда кулаган таштар тазаланууда

Коом 619 26 Май 2025 13:14
500031707_1011140854527994_4945796135435392645_n.jpg
499524038_1011140814527998_3566068814624623906_n.jpg
499913072_1011140724528007_8875107522190214466_n.jpg
Алдыга
Артка
500031707_1011140854527994_4945796135435392645_n.jpg
499524038_1011140814527998_3566068814624623906_n.jpg
499913072_1011140724528007_8875107522190214466_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (243-296-чакырымдар аралыгы) тоодон түшкөн таштарды тазалоо иштери уланууда.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, жеринде аймакты караган № 18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатышат. Каттам бар.

Белгиленгендей, 23-25-май күндөрү 2200 м3 таш көчкү тазаланды.

"Ошондой эле, № 18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 7-52-чакырымдар аралыгын автогрейдер менен тегиздөө иштери жүрүп жатат",-деп айтылат маалыматта.