Каттам бар. Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолуна таш түштү

Аймак Загрузка... 18 Июнь 2025 10:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек 18.06.25 /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал - Казарман тилкесинин 277-278-чакырымдар аралыгына таш кулады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда таштар тазаланып, бир тараптуу каттам берилди.

Белгилей кетсек, 18-июнга караган түнү саат 01:00-01:30 аралыгында жолдун жогоруда аталган тилкесине тоо боорунан таш түшүп, жолду бөгөп калган. Жерине дароо № 18 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары тартылып, тынымсыз тазалоонун натыйжасында эртең менен саат 06:00дөр чамасында бир тараптуу каттам берилди. Азыркы тапта жолчулар тарабынан тазалоо, кеңейтүү иштери уланууда.

Ошондой эле Арал - Казарман жолунун 252-чакырымында да тоо боорунан түшкөн таштар тазаланып жатат. Каттам бар.