Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолундагы Көк-Арт туннели коопсуздук максатында 1-ноябрдан тартып жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, учурда туннель күн сайын саат 06:00дөн 20:00гө чейин иштеп жатат.
Белгилей кетсек, Түндүк–Түштүк альтернативдик жолу Жалал-Абад облусу менен Балыкчы шаарынын ортосундагы жүрүү убактысын 13 сааттан 6 саатка чейин кыскартат.
Ал эми аталган жолдогу туннель деңиз деңгээлинен 2 521 метр бийиктикте жайгашкан. Ал трассанын курулушунун биринчи тилкесинде орун алып, Жалал-Абад облусундагы Манас шаарынан Тогуз-Торо районундагы Казарман айылына чейинки бөлүктү камтыйт. Бул тилкенин жалпы узундугу 125 чакырымды түзөт.