Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Түндүк-Түштүк унаа жолуна алынган 1 млрд доллардын жарымы сол чөнтөккө кетиптир. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде билдирди.
Садыр Жапаров белгилегендей, 1 млрд доллар акча менен мындай жолдон экини салып коюуга мүмкүн эле.
“Бул долбоор боюнча чын-чынына келгенде баягы таш кулай турган, көпүрөлөрдүн туура эмес жерлери, тоонун түптөрүнө салып койгон, кум-шагыл куюла турган, кыштын күнү кар-көчкү түшө турган жерлерин таптакыр караган эмес экен. Биз акыркы 3-4 жылдан бери изилдеп отуруп, былтыр ишке киришкенбиз. Курулуш министрлиги дагы бир 5-6 тилкени алган, ошондуктан жаңы туннелдин ары-бери жагында көп иштер бар экен. Үлгүрсөк жол 2027-жылдын күз мезгилине чейин, болбосо 2028-жылы толук ачылат. Жайы-кышы дебей ачсак болот. Мурдагылардын кемчилиги болсо да, биз моюнубузга алып, аягына чыгаралы деп жатабыз”, -деди президент.
Ошондой эле мамлекет башчысы кемчиликтерди оңдоо үчүн бюджеттен кошумча каражат бөлүнүп жатканын кошумчалады.
“Бирок, ал үчүн дагы бюджеттен 100 млн доллар чыгым боло турган болуп жатабыз. Бул билесиңер да долбоорго 1 млрд долларга жакын акча салып салган. 1 млрд доллар акча менен мындай эки жолду салып койсок болот эле”,- деди Садыр Жапаров.