Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. “Бишкек Арена” стадионундагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен келди.
Мамлекет башчысы ачылыш аземге келген бир катар чет өлкөлөрдүн президенттерин тосуп алууда. Алардын арасында БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш да бар.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык өлкөнүн спортчулары катышат. Оюндар 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Спорттук мелдештер жана маданий иш-чаралар Ысык-Көл облусунда уланат.