Тарыхый күн: Кыргыз сому эми өзүбүздөн басылып чыгат – президент

Президент 4237 27 Март 2026 17:55
657709859_3323487787826127_8436521584973061631_n.jpg
656672036_3323487604492812_5927878982639776507_n.jpg
656507180_3323487564492816_7517988104159001398_n.jpg
654271368_3323487494492823_4038117068072826305_n.jpg
659086913_3323487791159460_4419343013734614934_n.jpg
Алдыга
Артка
657709859_3323487787826127_8436521584973061631_n.jpg
656672036_3323487604492812_5927878982639776507_n.jpg
656507180_3323487564492816_7517988104159001398_n.jpg
654271368_3323487494492823_4038117068072826305_n.jpg
659086913_3323487791159460_4419343013734614934_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Кыргыз сому эми өзүбүздөн басылып чыгат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз — сомду өзүбүз басып чыгара баштадык. Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма берип, акча төлөп бастырып келген элек. Эми тескерисинче, башка мамлекеттердин акчаларын дагы буйрутма менен биз басып берүү деңгээлине чыктык", — деп билдирди мамлекет башчысы.

Президенттин айтымында, Кыргызстан акча чыгарууда талап кылынган шарттарды тастыктаган тийиштүү эл аралык сертификатка ээ болду.

"Мындан тышкары, улуттук документтерибиз: жалпы жарандык паспорт, ID-карта, айдоочулук күбөлүк, унаанын техпаспортун ж.б документтерди жогорку сапатта чыгарып жатабыз. Башка өлкөлөр үчүн валюта менен катар эле ар кандай мамлекеттик документтерди да басып берүүгө даярбыз. Бүгүнкү күндө бир нече мамлекеттин буйрутмасын алып жатабыз. Колубузда сертификатыбыз тургандыктан, албетте, коргоо элементтери да жогорку деңгээлде болот. Башкача айтканда, документти жасалмалоого мүмкүн эмес. Ал эми баасы болсо жеткиликтүү болот", — деп жазды Садыр Жапаров.