(Эссе)
Адам бул жарыктан а дүйнө жайга учканда “узак жашады” же “кыска жашады” деп өлчөнбөйт. Өмүр – анын тирүүсүндө жасаган алгылыктуу ишинен, инсандык парасатынан, калкына карата камкордугу менен Ата Журтуна делген сүйүүсүнүн күчүнө карап өлчөнөт. Андай асыл инсандар кылым алмашып, канча бир мезгилдер артта калса да тарыхтан аты өчпөй аңыз болуп айтылып кала берет. Асан бий уулу Алымбек датка – мына дал ошондой кыргыз кыйырына муундан муунга дастан болуп ырдалчу көсөм. Ал, өз жанын журту үчүн курмандыкка чалган нагыз баатыр жана калың элди бийлиги менен эле эмес – билими менен кошо айкалыштырып башкарган акылгөй инсан.
* * *
Коммунисттик идеологиянын арааны жүрүп турганда тарыхыбыз ой-келди бурмаланган. Кыргызды аман сактаганга кам урган журт жакшыларын бөкөчө көрсөтүп, кан-жаныбызга сиңиргенге далай аракеттер көрүлгөн. Андай замандарда эл арасындагы чындыкты сүйгөн айрым бир жарандар айласыз алардын улут аң-сезиминен улуулукту жок кылууга көрүлүп жаткан аракеттерге жандары кашайып, ооздон оозго өткөрүп, эл башынан өткөн ошол апааттуу замандарда кыл чайнашып кыргыздын туусун бийик көтөргөндөрдү өрнөк кылып тар чөйрөлөрдө гана айтып жүрүп олтурушту.
Кезинде бизге мектептен жалгандан куралган тарыхты жадыбалдай жаттатышкан. Багыбызга жараша, эгемендик туусу биздин жетилген куракка туш келип, университеттеги бардык окуу куралдары жаңыланды. Ошентип бир убакта “басмачы”, “корбашы”, “эл душманы” деп окутушкан тарыхый инсандардын басымдуу бөлүгү көрсө, атпай журтту ойлогон даанышман, жүрөгүндө жалы бар, элим үчүн жаным курман деген кыраандар тура!? Мына ушундай аянычтуу тагдырга “эскинин саркындысы”, “тап душманы” деп Алымбек датканын да ысымы кошулуп, алардын урпактарынын айрым бири большевиктик өкмөт тарабынан сүргүнө айдалып, кордукту абдан тартышкан.
* * *
Ар бир улуттун басып өткөн жолуна сереп салганда, андан караңгы түндү жана жарык шооланы көрөбүз. Ошол оопасыз түндөр – кезегинде элге жарыгын чачкан инсандарды жаратты. Кыргыз элинин дал ошондой муңдуу доорунда караңгыда шоола болуп жанган жарык – Алымбек датка эле. Анын өмүрү – жөн гана бир адамдын тагдыры эмес, бүтүндөй улуттун жүрөк кагышы. Ал, тоо этектей соккон шамал сыңары журттун аң-сезимин козгоого кудурети жетип, элим эркиндикке, намыска ширелсе деп дегдеген. Анын ар бир аракети, жасаган иши – таштан-ташка урунган агымы күч дайра сымал. Алымбек датка кандай гана кырдаал болбосун: “Эңсегеним эле элимдин аман турганы!” – деп тиленген. Анын жүрөгү дайым Ата Мекен деп согуп, кыргыз деп кырды ашыра кыйкырган нагыз кашкөй.
* * *
Алымбек – ата-тегинен журт башкарган бий тукуму болгондуктан Алайдагы үйүндө молдодон окуп, кичинесинен кат-сабатын ачкан. Алымбектин турмушка эрте каныгып, ордо саясатына аралашып, эл башкарышына атасы Асан бий себепкер.
“Алымбектин атасы аны өтө жаш чагынан соода кербендерине кошуп Кокон, Ташкент, Жаркен, Самаркан, Бухара, Кабул, Стамбул шаарларына алып барган. Алымбек жаш чагында Алайдагы үйүндө молдодо окуп, кат сабатын жоёт. Атасынан дайындоосу менен Шамырзанын Арык деген баласы 1813-жылы Алымбекти Бухарадагы Жакыпбек аталык салдырган медресеге киргизип келет. Бул жерде ал казактын Казыбек деген бегинин уулу Максүт, соодагер Эшматтын уулу Азим дегендер менен бирге жатып окуйт. Үчөө 1815-жылы Меккеге жол алган зыяратчыларга кошулуп кетет да, адегенде Стамбулга келет, ал жерде бир жылдай окуйт. Анан татар соодагери Мансурду ээрчип Италиянын Рим шаарына барат. Римде төрт ай туруп, Кара деңиз менен Севастополь аркылуу Россияга келип, андан мекенине кайтат”. (Абдыкерим Муратов: “Римге чейин барган Алымбек датка”)

"Баатырдын жолу" - сүрөтчү Асхат Бейшембеков
Жаштайынан тартып мына ушундай ири шаарларды кыдыруу, эл-жерди таануу – анын дүйнөсүн өзгөрттү. Кийин атасынын акыл-насаатына чөмүлгөн уул журт башкарууну өздөштүрдү. Ордодогу саясий тирештердин көбүнө күбө болду. Турмуштан бышып жетилген Алымбек бүтүндөй Фергана аймагындагы курчуган кырдаалдардын келип чыгыш себептерин өз алдынча иликтеди. Керек кезде чечкиндүү аракеттерге барган, татаал жагдайды акылга салып оңдуу чечкен сапатын жогору баалашкан Кокон ордосу ага датка даражасын ыйгарды. Ошентип отузунда от болуп жанып, караламан журтту башкарды.
1840-жылдын баш ченинде Алымбек датка Анжиан бектигинин борборун Ош шаарына көчүрүп келип, Ак-Буура дарыясынын боюндагы дөңсөөгө Ак Ордо орнотту. Боз үй тиктирип, көпүрө салып, соода жайларын курдуруп, шаардын өнүгүшүнө өбөлгө болду. Анын жетекчилиги алдында Ош таза суу менен камсыздалып, жолдор жана арыктар салынган. Ошту курууда ал медресе ачып, илимдүү аалымдарды чакырып балдарды окуткан. Ал жерден таалим алып чыккан балдар алыскы Кашкар, Букара, Самарканд, Ташкент, Кокон, Меккеге чейин барып, билимин андан ары жогорулатышкан.
Калың журтту жетектөөдө өзүнүн нагыз дипломат экенин айгинелеген Алымбек коңшу элдер менен достукту чыңдаган. Маданий байланышты өстүргөн. Тилекке каршы, ал мезгилде ордо оюндары күч алып, ортодо далай баштар ыргыган. Саясий тирештерде Алымбек датка кайсыл тарапка ниетин бурса да, алгач эл кызыкчылыгы алдыңкы орунда турган. Канаттууга калкымды кактырбай аман сактасам экен деген.
1860-жылы Кокон аскерлери Орусия армиясына каршы чыгышат. Мына ушул саатта Алымбек датка өз сарбаздарын ажал отуна айдабай акыл токтотуп, туура чечим чыгарып артка чегинген. Дал ошол саам ал көптөн бери самап жүргөн максатын ишке ашырууну көздөп, арка кыргыздары менен жолугуп, жалпы кыргыз элин бириктирүү маселесин ортого коёт. Бирок аттиң, анын ушул ыйык мүдөөсүн билип калышкан Кокон ордосунун башкаруучулары Алымбекке кутум уюштуруп, алдап чакырып туруп өлүмгө дуушар кылышкан.
Эл тагдыры – элдин көрөгөч уулдарынын аркасында оңдуу чечилет. Бирок, эл үчүн жасалган кадамды, алдыга коюлган максатты – көралбас душмандар майтарат. Мына ошондой ыйык мүдөө менен жашап, түндүк кыргыздары менен түштүк кыргыздарынын башы бириксе, кубаттуу өлкө куруп айланабыздагы ажыдаарларга айбат көрсөткөн мамлекет болсок деген Алымбектин Ата Журт, жалпы кыргыз деген тилегин ойрон кылышты...
Ажыке бий жана Тилеке баатырдын урпагы Алымбек датка өзүнөн кийин эл тагдырын өзүнөн кем эмес эл-журтка күйгөн өмүрлүк жары Курманжанга аманат калтырды. Алымбек менен Курманжан – кыргыз деп дал өзүлөрүндөй түйшөлгөн Абдылдабек, Оморбек, Мамытбек, Асанбек, Баатырбек, Камчыбек аттуу уулдарды тарбиялашты. Алардын ыйык тилектери канчалык каржала аракет жасабасын оңдуу чыкпай, заман күүсүнөн майышты. Кеп, алардын асыл тилектери орундалдыбы же жокпу дегенде эмес, кеп – алардын бардыгынын ичинде намыс оту кайнап, жүрөктөрү Мекен деп жалындап күйгөндүгүндө!
* * *
Доор – баатырды жаратат... А баатыр – атпай журтка жол баштап, айбаттуу душмандан айбыкпай өлүмгө тике карайт. Баатыр – бу тирүүлүк менен кош айтышып баратып да арт жагында канат болуп турган элин ойлоп, ата-бабасынын элестерин караан тутат. Келечекке үмүт менен ишеним артат.
Ал, эли үчүн жаралып, эл үчүн жашап, эл үчүн жанын кыйган эр жүрөк, тагдыр жүгүн тайманбай көтөргөн зоока!
Анын басып өткөн жолу бизге:
– Эл биримдиги – ыйык! Кыйын кезеңге туруштук берген ак калпак кыргыз акыры акыйкатка ээ болуп, кыйла мезгилдерди арбытар. Эл – түбөлүк! – деп жар салгансыйт.
Алымбек датка – элин сактоого күч үрөгөн кыргыз биримдигинин улуу символу!