Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Талас облусунун Манас районуна караштуу Тараз – Покровка – Кайыңды багытындагы 9 чакырымга созулган унаа жолдо оңдоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө асфальттын биринчи катмары төшөлүүдө. Андан соң, жолдун экинчи катмарын төшөө, тротуарларды куруу жана суу өткөрүүчү лотокторду орнотуу пландалууда.
Курулуш иштери К"Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренесинин эсебинен каржыланып, №48 Жол тейлөө ишканасынын филиалы тарабынан аткарылууда.
Жол оңдоо иштери июль айында толук аяктайт.