Тандоо: атактын, акчанын жана абийирдин кармашы

Аналитика Загрузка... 09 Декабрь 2025 16:45
1098238606_0_160_3072_1888_600x0_80_0_0_2dd3134beef2c38d277c37e588a6fe12.jpg
copyright icon www

Кубаныч Жолдошев

Бардык материалдар

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланып, бир катар округдар боюнча расмий талапкерлер таанылды. Бирок, бир округда добуштар жокко чыгып, ал жакта кайра шайлоо өтмөй болду. Буга шайлоочулардын эркин тандоосуна каршы жапырт видео көзөмөл жүргүзгөн фактылар негиз болду.

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы мажоритардык шайлоо системасы аркылуу көп мандаттуу шайлоо округдарынан шайланды. Көп мандаттуу 30 шайлоо округунун ар бири Жогорку Кеңешке үчтөн өкүл жөнөттү. Алар кимдер? Чогуу саресеп салабыз. “Тегирмендин” кезектеги берүүсүндө Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын сандык жана сапаттык курамын талдайбыз.

Депутаттык мандаттар - жөн гана сандык көрсөткүч эмес. Ар бир депутат - ар кайсы аймак, ар кайсы тармак, ар кайсы чөйрөнүн кызыкчылыктарын чагылдырып, андагы материалдык жана материалдык эмес капиталдын ээси, жалпы элдик мүдөөнүн сакчысы, тажрыйбанын тарткыч күчү же айрым учурда - саясий авантюранын туундусу болот. Жаңы парламенттин сапаты андагы депутаттардын билиминен, иш тажрыйбасынан көз каранды.

Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурун өткөн шайлоо бир катар күтүлгөн жана күтүлбөгөн натыйжаларды алып келди. Мыйзам боюнча “ар бир үчүнчү талапкер башка жыныстан болот” деген гендердик квотанын киргизилиши парламенттин отуз пайызын аялзаты түзөрүн кепилдеди. Ошондуктан, бул күтүлгөн жагдай, адатта “аялзатынын үнү Жогорку Кеңеште угулбай калды” деген доомат бул чакырылышка эмес.

Жалаң карылар трагедия, жалаң жаштар комедия...

Ал эми жаңы парламенттин өзөгүн 40-55 жашка чейинки орто жаш курактагылар түзөт. Ошентсе да, бул шайлоо 25-35 жаштагы жаңы муун өкүлдөрүнүн саясатка күрдөлдүү келүүсүн шарттады. Айрым шайлоо округдарда коомчулукка белгисиз жаш талапкерлердин утушу өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Алардын арасында буга чейин такыр саясатка аралашпаган, бирок аймактарда активдүү иштегендери бар. “Республикага таанымал” деген мурда калыптанган стереотиптер азыркы жаш талапкерлерге анча тоскоол болбоду.

“Жалаң улуу муун болсо бул – трагедия, ал эми жалаң жаштар болсо бул - комедия деген орус элинин жакшы сөзү бар. Ошондуктан жаңы парламенттин курамында жаштар, орто жаштагы дасыккан саясатчылар жана улуу муундун өкүлдөрү аралаш болгону туура. Ошондой болсо дагы келечек жаштардыкы. Жаштарга коюлуп жаткан заманбап талаптар бар. Жаштар техникалык-инновациялык жаңылыктарды ылдам кабыл алышат. Ошондуктан алар азыр чоң саясатка келип, тажрыйба топтоп, мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууга аралаша бергени жакшы. Ошондуктан жаштар менен эсептешүү керек”, – дейт Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, юридика илимдеринин доктору, академик Чолпонкул Арабаев.

Бул шайлоонун жыйынтыгы бир нече маанилүү тенденцияны көрсөттү. Айрым талапкерлер локалдык бизнесте, мурда айыл өкмөттө, райондук-шаардык бийликте же жергиликтүү кеңештерде иштеп жүргөн. Парламентте аймактык өкүлчүлүктү камсыздоо үчүн мындай тажрыйба шайлоочулар үчүн негизги фактор болду. Ошондуктан айрым округдарда жалпы республикага белгилүү болуп, тажрыйбалуу жана беделдүү деген инсандар утулуп, өзү жашаган же иштеген аймагында эле таанымал талапкерлер утуп чыккан учурлар орун алды.

Система талапкерди түз тандоого өбөлгө түздү

Бул жагдай бир чети саясий элита алмашып, жаңы көз караш менен келчү саясатчылардын жаңы муунунун калыптануусуна өбөлгө түзсө, экинчиден мамлекеттик масштабда ой жүгүрткөн, тажрыйбалуу жана кесипкөй, дасыккан саясатчыларга таңкыстык жаратат. Ошентип, көп мандаттык шайлоо округдарынын модели - анчейин атагы чыкпаган, бирок аймактар менен иштеген адамдарга мүмкүнчүлүк түздү. Мурдагы шайлоо системасы партиялык лидерлерди жана алар тизмеге киргизгендерди алдыга чыгарса, азыр ар бир округ өзүнүн «жергиликтүү талапкерин» тандады. Натыйжасы: ким борбордо таанымал эмес - бирок айыл аймактарында таасирин көргөзсө, ошолор утту. Ошентип, мажоритардык шайлоо системасы шайлоочулардын түз кызыкчылыгы менен байланыштуу экенин көргөздү.

“Бул система депутаттык мандаттарды жең ичинен бөлүштүргөн же сатып жүргөн партиялардын коррупциялык элементтерин жок кылды. Ошондой эле бул система элдин талапкерлерди түздөн-түз баалап, тандоодо алардын жеке сапаттарына басым жасоосуна мүмкүнчүлүк түзүп берди. Айымдар, жаштар, аймактардын жана ар кайсы социалдык катмардын өкүлдөрү өз үнүн угузууга, өлкөнүн саясий турмушуна жигердүү катышууга жана мамлекеттик бийлик органдарында татыктуу орун алганга өбөлгө түзүлдү. Бул ыкмалар бүткүл коомдун кызыкчылыгын чагылдырган туруктуу жана адилеттүү башкарууга негиз берет”, – деген оюн билдирген эл аралык байкоочулар миссияларын кабыл алуу учурунда президент Садыр Жапаров.

Ошол эле кезде аймактык өкүлчүлүктү түзүүдө талапкер өзү туулуп-өскөн жерден гана талапкерлигин коюп, “жердешчилик, уруулук баланыштардын негизинде гана добуш топтоп, шайлоодон өтө алат деген түшүнүктү жокко чыгаргандар да болду. Кээ бир талапкерлер башка бир аймактарга барып, шайлоого катышып, утуп чыкканын да белгилеп кетүүгө болот.

Атактуу ысымдар, “династиялар”, улуулардын урпактары

Экинчиден бул шайлоо, саясатка ири бизнестин таасири дагы эле күчтүү экенин далилдеди. Парламентке ишкерлер, ири компаниялардын ээлери, ири жана таасирдүү саясий жана бизнес-кландардын балдары же жакындары келди. Алардын айрымдары күчтүү атаандаштык жараткан саясий платформа аркылуу эмес, андан мурун, салттуу байланыштарды - кадимки өң-тааныш чийимдерди колдонуп, коммерциялык кызыкчылыктын арты менен добуш топтогону белгилүү.

Үчүнчүдөн, бул шайлоо «атактуу фамилиялар» феномени дагы деле күчтүү экенин көрсөттү. Белгилүү саясатчылардын уул-кыздары, урук-тууганы, таасирдүү адамдардын жакындары, мурдагы ишмерлер менен жетекчилердин урпактары шайлоодо ат салышып, жеңишке жетишти. Мындай натыйжа өлкөдө саясий архитектуралык жай болсо да, өзгөрүп жатканын, бирок ошол эле кезде эскичил, салттуу таасирлер дагы деле бекем экенин көрсөтөт.

Жоопкерчиликти түшүнүү зарыл

Парламентке кимдер келгени - ал парламенттин жалпы мүнөзүн, кийинки беш жылда кабыл алына турган мыйзамдардын духун, саясий чечимдердин багытын түз аныктайт.

“Мына ушул шайлоодон утуп келгендер ким болбосун, алар менен баарыбыз иштешүүгө туура келет. Бул саясий маданият. Башка маселе. Мына ошол шайлоодон утуп чыккандар өздөрү дагы жоопкерчиликти сезип, изденип, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгы үчүн иштеши зарыл. Бул үчүн улам өздөрүнүн үстүнөн иштеп, өлкөнүн турмушуна керектүү мыйзамдарды чыгарууга аракет жасашы керек”, – деди академик Чолпонкул Арабаев.

Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурун шайлоо коомчулук күткөн, бир өңчөй таанымал гана саясатчыларды эмес, көп учурда белгисиз, аты-жөнү саясий талаада айтылбаган талапкерлерди алып келгени жөн жеринен эмес. Бул көрүнүш – жөн эле кокустук эмес, ал өлкөдөгү жаңы саясий архитектуранын, шайлоочунун психологиясынын, анын маанайынын жана регионалдык динамиканын айкалышы. Эл улам-улам талапкерлиги көргөзүлүп келген саясатчылардан чарчады. Андыктан коомдо «жаңы жүздөр керек» деген тенденция болуп, ага суроо-талап күчөгөн маанайдын жыйынтыгы болду. Ал эми мына ошол саясаттагы «жаңы жүздөр» парламентте өздөрүн кандай көргөзөт, ал башка маселе.