Таласты өнүктүрүүгө быйыл 1 млрд сом бөлүндү - Касымалиев

Министрлер кабинети 21 май 2025 13:30
Таласты өнүктүрүүгө быйыл 1 млрд сом бөлүндү - Касымалиев
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Таласты өнүктүүрүгө быйыл 1 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас шаарында мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземинде билдирди.

Анын айтымында, жакынкы 5 жыл ичинде Талас облусу таанылгыс болуп өзгөрөт.

“Тарыхта Талас облусуна мындай жакшы көңүл бурулган эмес. Өлкө башчынын демилгеси менен бүгүн үч обьекттин курулушуна мезгил кутусу салынат. Өлкөдө үстүбүздөгү жылы 1 миң чакырым жол салуу планды. Анын ичинде Таластын жолдору да камтылган. Буюрса, аймактын жолдору да оңдолот”,-деди ал.