Таластагы эң бийик аты жок чокуга “Бакай-Ата” деген географиялык аталыш ыйгарылды

Президент Загрузка... 03 Апрель 2025 21:54
613049d72f6a5781284513-850x560.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “ Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркасынын бийиктиги 4457 метр болгон эң бийик аты жок чокусуна “Бакай-Ата” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркасынын бийиктиги 4457 метр болгон эң бийик аты жок чокусуна “Бакай-Ата” деген географиялык аталышты ыйгаруу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.