Таласта жол кырсыктарынын алдын алуу чаралары талкууланды

Аймак Загрузка... 04 Апрель 2025 11:04
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Талас облусунда жол кырсыктарынын алдын алуу чаралары  талкууланды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Талкууга ЖКККББнын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков, президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Руслан Жээнбеков, облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азенбек Козукеев жана башкалар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ЖКККББнын жетекчилиги жол коопсуздугу багытында өлкө башчынын 1-сентябрдан тартып күчүнө кирүүчү тапшырмасын жеткирип, анын алкагында жумушчу топ түзүлөөрүн жана тийиштүү ченемдик-укуктук актылар иштелип жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле өлкө аймагындагы жол коопсуздугунун абалына токтотулуп, жол кырсыктарына себепкер болгон учурлардын алдын алуу, жолдордун абалына, унаалардын техникалык каражаттарына көзөмөлдү күчөтүү таралы коюлду.

Мындан тышкары, коопту болгон жол тилкелерине тийиштүү эскертүү жол белгилерин, тосмолорду курууга, ал эми өспүрүмдөрдүн катышуусундагы  жол кырсыктарынын алдын алууда билим берүү мекемелери менен биргеликте  тыгыз иш алып баруу жагдайлары белгиленди.