Таласта токойго караштуу жерди мыйзамсыз ээлеп алгандарга чара көрүлдү

Аймак Жүктөлүүдө... 23 Май 2025 11:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 23.05.25 /Кабар/. Таласта токойго караштуу жерди мыйзамсыз ээлеп алгандарга чара көрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы Айтматов районуна караштуу Аманбаев айылынын түштүк тарабындагы 1 242 контур сызыгында токой  аймагындагы 2,5 га жер тилкеси эч кандай уруксат кагаздары жок өзүм билемдик менен көрүстөн (мүрзө) кылуу үчүн бетон мамылар орнотулуп, зым торлор менен курчалгандыгын аныктаган. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз ээлеп алынган токойго тиешелүү 2,5 га жерди бошотуу боюнча текшерүү актысы жана жазма буйрук берилген.

Аталган жер аянты учурда толугу менен бошотулду.