Таласта саат 18:00гө карата шайлоочулардын 31,4 пайызы добуш берди

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 18:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Талас облусунун аймагында саат 18:00гө карата шайлоочулардын 31,4 пайызы же 56 миң 889 жаран добуш берди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облусу боюнча 17 шайлоо округ, 117 шайлоо тилкеси бар. Андан тышкары, Жерүй алтын кенинде аралыктан добуш берүү тилкеси жайгашкан. Жалпы облус боюнча жалпы 181 миң 136 шайлоочу катталган. Талас облусунда 16 айыл аймак, 93 айыл жана бир шаар бар.

Саат 18:00гө карата добуш бергендердин саны төмөнкүдөй:

  • Талас району – 13 125 же 27,7%;
  • Айтматов району – 17 132 же 36,8%;
  • Бакай-Ата району – 12 540 же 33,8%;
  • Манас району – 8 263 же 37,5%;
  • Талас шаары – 5 829 же 20,8%.

Талас облусунун шаар жана райондору боюнча жалпы шайлоочулардын саны:

  • Талас району – 47 392;
  • Айтматов району – 46 601;
  • Бакай-Ата району – 37 140;
  • Манас району – 22 021;
  • Талас шаары – 27 982.

Эскерте кетсек, 30-ноябрь Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү деп белгиленип, учурда республиканын бардык аймагында шайлоонун акыркы сааты жүрүүдө.