Таласта курулуп жаткан оорукананын кирпичинин сапаты текшерилди

Коом 594 23 Апрель 2026 11:26
WhatsApp Image 2026-04-23 at 08.25.08.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-23 at 08.25.32.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-23 at 08.25.20.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-23 at 08.25.08.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-23 at 08.25.32.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-23 at 08.25.20.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Талас облусунун Көпүрө-Базар айылындагы оорукананын курулушунда кирпичтердин сапаты текшерилди.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери дубалдын бекемдигин аныктоо ыкмасын колдонушту. Анда курулуш иштеринин сапаты жана долбоордук чечимдерге шайкештиги бааланат.

Учурда лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Министрлик сыноолордун жыйынтыгы боюнча бекемдик көрсөткүчтөрүнүн белгиленген талаптарга шайкештигине баа берилерин кошумчалады.