Таласта “Чыңгыз Ааламы” мемориалдык комплексинин курулушу аяктоо алдында — Кабар

Таласта “Чыңгыз Ааламы” мемориалдык комплексинин курулушу аяктоо алдында

Аймак 30 август 2026 07:30
IMG_1887.png
IMG_1888.png
IMG_1889.png
IMG_1890.png
IMG_1891.png
Алдыга
Артка
IMG_1887.png
IMG_1888.png
IMG_1889.png
IMG_1890.png
IMG_1891.png
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районунда көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун руханий жана чыгармачылык мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ”Чыңгыз Ааламы” мемориалдык комплексинин курулушу аяктоо алдында турат.

Айтматов районунун акими Нурланбек Умаров билдиргендей, долбоор президенттин тапшырмасынын негизинде 2026-жылдын башынан тарта ишке ашырылууда. Учурда курулуш иштеринин 95 пайызы аткарылды.

IMG_1886.png

”Долбоордун негизги максаты — Чыңгыз Айтматовдун руханий жана чыгармачылык мурасын даңазалоо жана аны жаш муунга жеткирүү. Мындан тышкары, комплекс Талас облусунда маданий туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт”, — деди ал.

Комплекстин жалпы аянты 15 гектарды түзөт. Анда музей, китепкана, заманбап кинотеатр жана келген коноктор үчүн конок үйү каралган.

Ошондой эле аймакка Чыңгыз Айтматовдун жана анын чыгармаларынын каармандарынын айкелдери орнотулуп, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Нурланбек Умаровдун айтымында, долбоорду ишке ашырууга 100дөн ашуун адам тартылган. Учурда комплекстин курулушуна 200 млн сомго жакын каражат жумшалды.

Азыркы учурда объектти салтанаттуу ачылышка даярдоо иштери жүрүүдө. Ачылышы президенттин катышуусунда 11–12-сентябрга пландалган.

”Чыңгыз Ааламы” мемориалдык комплекси келечекте маданий-туристтик жайга айланып, анда келгендер улуу жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана бай адабий мурасы менен тааныша алышат.