Таласта быйыл 879 даана эски жыгач мамычалар темир бетон мамычага алмаштырылат

Аймак Загрузка... 14 Март 2025 09:35
IMG_3220.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Быйыл Талас электр тармактар ишканасы тарабынан жалпы 879 даана эски жыгач мамыча темир бетон мамычага алмаштыруу пландалууда.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул иш-чаранын максаты - электр энергияны туруктуу камсыз кылуу, аварияларды алдын алуу жана коопсуздукту жогорулатуу.

Мамычаларды алмаштыруу иштеринин өтүүчү аймактары:

- Манас району – 80 даана

- Бакай-Ата району – 169 даана

- Айтматов району – 125 даана

- Талас району– 491 даана

- Талас шаары – 14 даана

Талас облусунда жалпы 10-0,4 кВ аба чубалгысынын 217,630 км капиталдык оңдоо иштеринен:

- Талас шаарында: 4 км

- Талас районунда: 142,570 км

- Айтматов районунда: 52,460 км

- Бакай-Ата районунда: 18,600 км

Ал эми, 10-0,4 кВ аба чубалгысында техникалык тейлөө иштери:

- Жалпы: 3764,025 км аба чубалгысы

- Талас шаарында : 267,189 км

- Талас районунда: 1083,165 км

- Бакай-Ата районунда: 615,439 км

- Айтматов районунда : 1143,118 км

- Манас районунда : 655,114 км

Ошондой эле Талас облусу боюнча 167 даана трансформатор капиталдык оңдоодон, 1234 даана трансформатор техникалык тейлөө иштеринен өткөрүлөт.

Капиталдык оңдоо иштери:

- Талас районунда: 54 даана

- Бакай-Ата районунда: 39 даана

- Манас районунда: 16 даана

- Айтматов районунда: 36 даана

- Талас шаарында: 22 даана трансформатор

Техникалык тейлөө иштери:

- Талас районунда: 386 даана

- Бакай-Ата районунда: 266 даана

- Манас районунда: 129 даана

> Айнус ПС Жаңы:

- Айтматов районунда: 278 даана

- Талас шаарында: 175 даана трансформатор

Жаңы трансформаторлор:

- Манас районунда 3

- Айтматов районунда 2

Трансформатор кубаттуулугун жогорулатуу:

- Талас шаары, Бакай-Ата, Айтматов, Талас районунда жалпы 13 даана трансформатордун кубаттулугу жогорулатылат.

Мындан тышкары 2025-жылы март айынан октябрь айына чейин Талас электр тармактар ишканасы 35кВ аба чубалгы линияларында масштабдуу ремонт иштерин өткөрөт. Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы тарабынан жүргүзүлчү иш-чаралардын алкагында 3300 фарфор изоляторун айнек изоляторлорго алмаштыруу пландалууда.

“Бул кадамдар Талас облусунун электр энергиясын туруктуу жана сапаттуу жеткирүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат”,-деп айтылат маалыматта.