Таласта борбордук парктын курулушу башталды

Министрлер кабинети 21 май 2025 13:41
682d7f3eead0b.jpeg
682d7f2b9589f.jpeg
682d7f47915ec.jpeg
682d7f33045d3.jpeg
682d7f4404f91.jpeg
682d7f4020c30.jpeg
682d7f2436a18.jpeg
682d7f243d991.jpeg
682d7f48eb848.jpeg
682d7f37cfc5c.jpeg
682d7f15d2251.jpeg
682d7f07b699b.jpeg
682d7f2d967cb.jpeg
682d7f1aa41f5.jpeg
682d7f00d7005.jpeg
Алдыга
Артка
682d7f3eead0b.jpeg
682d7f2b9589f.jpeg
682d7f47915ec.jpeg
682d7f33045d3.jpeg
682d7f4404f91.jpeg
682d7f4020c30.jpeg
682d7f2436a18.jpeg
682d7f243d991.jpeg
682d7f48eb848.jpeg
682d7f37cfc5c.jpeg
682d7f15d2251.jpeg
682d7f07b699b.jpeg
682d7f2d967cb.jpeg
682d7f1aa41f5.jpeg
682d7f00d7005.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Талас шаарында борбордук парктын курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда, ага 100 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн, анын 74,2 млн сому заманбап парк жабдууларын сатып алууга жумшалат. 2025-жылдын 31-августуна чейин иштерди аяктоо пландаштырылууда.

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев парктын аймак үчүн маанисин баса белгиледи.

“Кыргызстанда адам буту баса элек жапайы жаратылышы, эң чоң мөңгү жана суу запастары сакталып турат, аны биз келечек муундарга мурас катары өткөрүп беришибиз керек. Президент тарабынан демилгеленген “Жашыл мурас” долбоору өлкө боюнча парктарды жана эс алуу жайларын өнүктүрүүгө багытталган. Таластын борбордук паркы биздин жарандардын экологиялык аң - сезиминин жана ден соолугунун символуна айланат”, - деди ал.

Адылбек Касымалиев 2025-жылы Талас шаары алгачкы жолу мамлекеттик бюджеттен олуттуу колдоо алганын - президент Садыр Жапаров инфраструктураны өнүктүрүүгө, жолдорду оңдоого, аэропортту жаңылоого 1 млрд сом бөлүп бергенин белгиледи.

“Бүгүн салынган капсуланы 100 жылдан кийин гүлдөп-өнүккөн Кыргызстанда урпактарыбыз ачат деп ишенебиз”, — деди минкаб төрагасы.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Таластын борбордук аянтын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Ага жөө жүргүнчүлөр аллеясын куруу долбоору жана шаардык жолдорду жана тротуарларды оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилди. 28,527 км жолго жана 54 км тротуарга асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. 

Мындан тышкары, ал “Талас” аэропортунун абалы менен таанышып чыкты. “Талас” аймактык аэропортунун жаңы аэровокзалы саатына 100 жүргүнчүнү кабыл ала алат.