Таласта "Бизнес – бийлик – бир багыт" аттуу бизнес-форум өттү

Аймак Загрузка... 04 Апрель 2025 23:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Бүгүн Талас шаарында президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен "Бизнес – бийлик – бир багыт" аттуу бизнес-форум өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты – мамлекеттик бийлик өкүлдөрү менен ишкерлердин ортосунда тыгыз кызматташтыкты түзүү, жергиликтүү деңгээлдеги экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү жана бизнести колдоого багытталган сунуштарды иштеп чыгуу.

Форумга министрликтердин жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, эл аралык өнөктөштөр, фонддор, ошондой эле ишкердик чөйрөсүндөгү адистер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ачык жана конструктивдүү талкуулар уюштурулуп, ишкердиктин жаңы багыттары, инновациялык мүмкүнчүлүктөр жана аймактарды өнүктүрүүдөгү фонддордун ролу каралды. Ошондой эле алдыңкы ишкерлер менен жаш стартаптар бизнес өнүгүүсүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулашты.