Таласта 75 орундуу бала бакчанын курулушуна капсула салынып, бир катар объекттер ачылды

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 17 Апрель 2025 16:35
6800cd869319f-thumb.jpeg
6800cd9f78e14-thumb.jpeg
6800cd86ed287-thumb.jpeg
6800cd793f636-thumb.jpeg
6800cd866e782-thumb.jpeg
6800cd873d635-thumb.jpeg
6800cd869319f-thumb.jpeg
6800cd8575723-thumb.jpeg
6800cd8761329-thumb.jpeg
6800cda2dd026-thumb.jpeg
6800cda10da2e-thumb.jpeg
6800cda21d5fe-thumb.jpeg
6800cda37a06c-thumb.jpeg
6800cda180f19-thumb.jpeg
6800cda0764f3-thumb.jpeg
6800cdc4e5475-thumb.jpeg
6800cdc6c4cae-thumb.jpeg
6800cdc82a7d2-thumb.jpeg
6800cdc764f5f-thumb.jpeg
6800cdc5625ff-thumb.jpeg
6800cdc6245ea-thumb.jpeg
6800cdc78215a-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6800cd869319f-thumb.jpeg
6800cd9f78e14-thumb.jpeg
6800cd86ed287-thumb.jpeg
6800cd793f636-thumb.jpeg
6800cd866e782-thumb.jpeg
6800cd873d635-thumb.jpeg
6800cd869319f-thumb.jpeg
6800cd8575723-thumb.jpeg
6800cd8761329-thumb.jpeg
6800cda2dd026-thumb.jpeg
6800cda10da2e-thumb.jpeg
6800cda21d5fe-thumb.jpeg
6800cda37a06c-thumb.jpeg
6800cda180f19-thumb.jpeg
6800cda0764f3-thumb.jpeg
6800cdc4e5475-thumb.jpeg
6800cdc6c4cae-thumb.jpeg
6800cdc82a7d2-thumb.jpeg
6800cdc764f5f-thumb.jpeg
6800cdc5625ff-thumb.jpeg
6800cdc6245ea-thumb.jpeg
6800cdc78215a-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Талас районунда бир катар имараттардын жана объекттердин ачылыш аземдерине катышты. 

Алгач, Талас  районундагы  Шумкар-Уя айыл аймагынын жаңы курулган имаратынын ачылышы болду. 

Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, акыркы эки жылдан ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында айыл аймактарды жана шаарларды ирилештирүү процесси жүргөнүр, бул иштердин түпкү максаты – жергиликтүү элдин укуктук, финансылык жана башка маселелерин ыкчам жана сапаттуу чечүү, элге сапаттуу кызмат көрсөтүү, жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу экенин билдирди. 

Маалым болгондой, эки кабаттан турган айыл аймактын имараты 58 млн сомго жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды. 

Андан соң, Талас районунун Кеңеш айылында 75 орундуу бала бакчанын курулушуна капсула салуу аземи болду. 

Мында минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, акыркы жылдары экономикада жана социалдык чөйрөдө олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканын, бул бала бакчаны куруунун наркы 75 млн сомду түзүп, ал жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып жатышы — бул өлкө экономикасында жакшы жылыштар болуп, мамлекеттин бюджетинин кирешеси гана көбөйбөстөн, жергиликтүү бюджет да күч-кубаттуу боло баштаганынан кабар берерин билдирди. 

Ошондой эле, Талас районунун Чоң-Алыш айыл аймагында мал союлуучу ишкананын ачылышы болду. Бул долбоордун максаты жергиликтүү тургундарды туруктуу жумуш орду жана экологиялык жактан таза эт менен камсыздоо. Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген заманбап касапканаларды куруу демилгеси мамлекет тараптан колдоого алынат. Бул азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөдө маанилүү кадам.

Мындан тышкары, минкаб төрагасынын орун басары Талас районунун Көк-Кашат айылында тыбытты кайра иштетүүчү ишкананын ачылыш аземине катышты.  

Акыркы жылдары уяң жүндүү койлордун  жүнү бааланбай, кайра иштелбей калган, эми мындай ишканалардын ачылышы менен фермерлер кошумча каражат табууга болот. 

Бул чакан ишкана күнүнө 500 кг чейин чийки затты иштетүүгө жөндөмдүү, жергиликтүү тургундар да кошумча жумуш менен камсыз болду.