Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 11-сентябрда президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Талас шаарында милициянын “Келечек” атындагы заманбап бала бакчасынын ачылышы болду.
Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, бала бакча министр Улан Ниязбековдун демилгеси менен реконструкцияланып, республикалык бюджеттен каржыланган.
Бул имарат 2002-жылга чейин бала-бакча болуп, кийин Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
“Келечек” балдар бакчасы 74 балага ылайыкташтырылып, Агартуу министирлигинин стандарттарына ылайык окуу программалары түзүлгөн. Бала бакчада тил, бий, музыка сабактары жана өзүнүн логопеди болот. Имаратта балдарды тарбиялоо толук шарттар түзүлүп, керектүү эмеректер, оюнчуктар, аттракциондор жана башка шаймандар менен толукталган.