Бишкек, 28.08.26 /Кабар/. Талас облусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштерин улантууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары Айгүл Закирова "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, белгиленген тартипке ылайык, Кырчын жайлоосундагы Талас облусунун ордосуна боз үйлөрүн жайгаштырууда.
“Биз дагы эрежеге ылайык, ордого 15 боз үй тигип жатабыз. Анын үчөө кароо-сынак өткөрүүгө арналса, калган 12 боз үйгө кол өнөрчүлөр жайгашат.
Иш-чараларга Талас облусунан жалпысынан 280 адам катышат. Алардын арасында уюштуруучулар, кароо-сынактарга катыша турган өкүлдөр жана башкалар бар”,-деди ал.
Белгилей кетсек, Кырчын жайлоосунда өзүнчө аймакта Кыргызстандын жети облусунун, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын боз үй шаарчалары жайгашат. Белгиленген тартипке ылайык, ар бир облус жана шаар 15тен боз үй тигет.