Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Талас облусунун Манас районунда 105 даана жыгач мамыча темир-бетон мамычага алмаштылат.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Манас райондук электр тармагы март айынан баштап ноябрь айына чейин Манас районунун аймагына 105 даана жыгач мамычаны темир-бетон мамычага алмашыруу иштерин жүргүзүшөт.
Ошондой эле, 10-0,4 кВ аба чубалгысында техникалык тейлөө иштери 655,114 км аба чубалгысында аткарылат.
Муну менен катар, капиталдык оңдоо иштеринин алкагында, Манас РЭТи 16 даана трансформатору оңдолот.
Мындан тышкары,129 даана трансформаторду техникалык тейлөө иштери пландаштырылып, 3 даана жаңы трансформатор орнотулмакчы.