Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 28 тонна кебек Казакстанга кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан кыргыз-казак чек арасындагы текшерүүд Казакстандан келе жаткан 28 тонна кебекти (улпак) Кыргызстандын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.
Жыйынтыгында фитосанитардык сертификатта камтылган маалыматтар транспорттук (ташуучу) документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиктен, фитосанитардык сертификат жараксыз деп таанылып, жүк Казакстанга кайра кайтарылган.
Белгилей кетсек, жүктү артка кайтаруу иштери ЕАЭБ комиссиясынын чечими менен бекитилген Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагында карантиндик-фитосанитардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобосуна ылайык аткарылды.