Талантбек Төлөбеков Кинематография департаментинин директору болду — Кабар

Талантбек Төлөбеков Кинематография департаментинин директору болду

Кадрлар жана дайындоолор 4 ноябрь 2025 10:32
574582560_1128621169429638_4064648372321364650_n.jpg
574622751_1128621529429602_471913133457712427_n.jpg
Алдыга
Артка
574582560_1128621169429638_4064648372321364650_n.jpg
574622751_1128621529429602_471913133457712427_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. Төлөбеков Талантбек Төлөбекович Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору болуп дайындалды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, жаңы дайындалган директорду жалпы эмгек жамаатка министр Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Марат Тагаев тааныштырды.

Буга чейин аталган кызматты Улан Айылчиевич Адамалиев ээлеп келген. Ал кызматтан өзүнүн арызынын негизинде бошотулган.

Талантбек Төлөбеков 1983-жылы 4-майда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Ал продюсер, Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун жана Кинопродюсерлер ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү.

Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУну, Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайды аяктаган.