Бишкек, 07.08.26 /Кабар/. Таиланддын Нонтхабури провинциясындагы мектептердин биринде болгон ок атуудан жети адам каза болуп, дагы 15и жаракат алды. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып, Казинформ маалымдады.
Каза болгондордун арасында үч мугалим, үч окуучу жана кол салган адам бар. Ал өз жанын кыйган. Жаракат алгандардын экөө оор абалда экени айтылууда.
Полициянын маалыматына караганда, кол салган адам 14 жаштагы мектеп окуучусу болгон. Ал кеминде 26 жолу ок чыгарган. Кармалгандан кийин анын жанынан дагы 34 ок-дары табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, курал окуучунун чоң атасына таандык болгон.
Ошондой эле полициянын маалыматы боюнча, өспүрүм мектепке барып ок чыгарганга чейин үйүндө чоң энеси менен чоң атасын атып өлтүргөн болушу мүмкүн.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, бул окуя Таиландда 2022-жылдан берки эң көп адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салуу болуп калды.
Бул өлкөдө быйыл мектепте болгон экинчи ок атуу фактысы. Февраль айында Таиланддын түштүгүндөгү окуу жайлардын биринде болгон окуяда бир мугалим каза болуп, бир окуучу жаракат алган.
Ал эми июнь айынын аягында Филиппиндеги орто мектептердин биринде эки окуучу тапанча менен ок чыгарган. Анын кесепетинен үч адам каза болуп, 20дан ашуун киши жаракат алган.